Шамсуддин Хакимов — 259
14:25 Раббисинин уруксаты менен ар кайсы мезгилде мөмөсүн бере берет. Аллах адамдарга, эс-акылын жыйып алуулары үчүн (ушундай) мисалдарды келтирет.
14:26 Ыпылас сөздүн (каапырчылыктын) мисалы - жерден үзүлүп, бекемдиги жок калган ыпылас (мөмөлүү) даракка окшош.
14:27 Аллах ыймандуу адамдарды дүйнө жашоосунда да, Акыретте да бекем сөз менен кубаттайт.[1] Залымдарды болсо, Аллах адаштырат. Аллах каалаган нерсесин жасайт.
14:28 (О, инсан!) Аллах берген нээматты (Исламды) каапырчылыкка алмаштырып, эл-журтун өлүм үйүнө
14:29 өздөрү ташталчу тозокко ээрчитип баргандарды көрбөйсүңбү? Ал кандай жаман орун!
14:30 Алар адамдарды Аллахтын жолунан тосуу үчүн Аллахка (башка «кудайларды») теңдеш кылышкан. (О, Мухаммад, аларга) Айткын: «(Адашуучулук жашооңордо бир аз) пайдаланып калгыла. Силердин бараар жериңер - тозок!»
14:31 Менин ыймандуу пенделериме айт, намаздарын окуп, тааныш билиштиги жана соода-келишими жок болгон (Акырет) Күн келгенге чейин, Биз ырыскы кылып берген нерселерден жарыя же жашыруун түрдө садака кылып калышсын!
14:32 Аллах асмандар менен жерди (алты күндө) жаратып, асмандан сууну түшүрдү. Кийин аны менен силерге ырыскы болсун деп, мөмөлөрдү чыгарды. Жана Өз амири менен деңизде жүрүшүңөр үчүн силерге кемени моюн сундурду. Дарыяларды да силер үчүн кызмат кылдырып койду.
14:33 Ал жана силер үчүн токтоосуз аракеттеги Күн менен Айды, түн менен күндүздү моюн сундурду.