>

Шамсуддин Хакимов — 256

14:6 Эстегин (о, Мухаммад, ошондо) Муса коомуна мындай деди: «Аллахтын силерге берген нээматтарын эстегиле: Ал силерди Фараон жана анын адамдарынан куткарды. Алар уул перзентиңерди союп, кыз перзентиңерди тирүү калтыруу менен башыңарга катуу азап салган. Ушунда Раббиңер тарабынан чоң сыноо бар эле.

14:7 «Дагы бир кезде Раббиңер силерге: «Эгер (Менин нээматыма) шүгүр кылсаңар силерди(н нээматты) көбөйтөмүн. Ал эми, шүгүр кылбасаңар (билип койгула), чынында Менин азабым катуу» - деп жарыялаган.

14:8 Жана Муса айтты: «Эгер силер жана (силерге кошулуп) жер жүзүнүн бардык жамааты капыр болсо да, Аллах Беймуктаж жана мактоого ылайык.[1]

14:9 Силерге өзүңөрдөн мурункулардын: Нух коомунун, Аад, Самуд коомдорунун жана алардан кийинки коомдордун кабары келбедиби? Аларды Аллахтан башка эч ким билбейт болчу. (Кийин Аллах алар жөнүндө кабар берди:) Аларга пайгамбарлары анык далилдер алып келгенде, колдорун оозуна (керней кылып) коюушуп: «Биз силерге жиберилген динге каапыр болдук: Биз силер даават кылып жаткан нерселерден шектенүүдөбүз!» - дешти.

14:10 (Анда) пайгамбарлары: «Асмандар жана жерди жараткан Аллахта шек бар бекен?! Ал силердин күнөөңөрдү кечирип, белгилүү убакытка чейин (ушул дүйнөдө) калтырууга чакырып жатат! - дегенде, алар айтышты: «Силер пайгамбар эмес, биз сыяктуу эле (жөнөкөй) адамсыңар. (Дагы) бизди ата-бабаларыбыз сыйынып келген нерселерден тосууну каалап жатасыңар! (Эгер сөзүңөр чьн болсо) бизге анык далилдерди (моожизаларды) келтиргиле!»