>

Шамсуддин Хакимов — 255

13:43 Каапыр болгон адамдар: «Сен пайгамбар эмессиң» дешет. Айткын: «Мени менен силердин араңарда күбөлүк кылууга Аллах менен Китеп илими бар адамдар жетиштүү».[1]

14:1 «Алиф, Лам, Ра.[1] (О, Мухаммад), Биз бул Китепти сага, адамдарды, Раббисинин уруксаты менен караңгылыктардан Нурга - Жеңүүчү жана Макталган Аллахтын жолуна чыгарышың үчүн түшүрдүк».

14:2 Аллах ушундай: асмандардагы жана жердеги нерселер Анын мүлкү. Каапырларга катуу, азаптуу өлүм болсун!

14:3 Алар дүйнө жашоосун Акыреттен жогору сүйүшөт, (адамдарды) Аллахтын жолунан тосушат жана аны ийри жолго айлантууну каалашат. Андайлар терең адашууда!

14:4 Биз ар бир пайгамбарды, өз элинин тили менен гана жибердик, аларга (дин эрежелерин түшүнүктүү) баян кылып бериши үчүн. Кийин Аллах Өзү каалаган пендесин туура жолго баштайт жана каалаганын адаштырат. Ал - Кудуреттүү, Даанышман.

14:5 Биз Мусаны Өзүбүз берген моожизалар менен (пайгамбар кылып) жиберип: «Коомуңду караңгылыктардан Нурга чыгаргын жана аларга Аллахтын күндөрүн эстеткин. Албетте мында сабырдуу, шүгүр кылуучу адамдар үчүн үлгү-сабактар бар» - дедик.