>

Шамсуддин Хакимов — 254

13:35 Такыба кишилерге убада кылынган бейиштин мисалы: астынан дарыялар агат. Мөмөсү менен көлөкөсү түгөнгүс. Булар такыбалар барчу жер. Каапырлардын барчу жери - тозок.

13:36 Биз Китеп берген адамдар(дын ынсаптуулары) сага түшүрүлгөн нерсе (Куран) себептүү сүйүнүшөт.[1] Ал эми, кээ бир (каапыр) тайпалар анын (Курандын) бир бөлүгүнө ишенишпейт. Айткын: «Мен Аллахка эч бир нерсени шерик кылбай сыйынууга буюрулдум. Анын Өзүнө чакырамын жана Өзүнө кайтамын!

13:37 Ушинтип (о, Мухаммад), Биз сага араб тилиндеги өкүмдү түшүрдүк. Эгер өзүңө келген илимден соң алардын (каапырлардын) каалоолоруна эрчип кетсең, (анда) сага Аллах тарабынан эч бир дос-жардамчы, эч бир сактоочу болбойт!

13:38 Биз сенден мурда пайгамбарларды жиберип, аларга аял, бала-чака бергенбиз.[1] Эч бир пайгамбар Аллахтын уруксаты болмоюнча (өз каалоосу менен) моожиза келтире албайт. (Бардыгы Аллахтын колунда. Качан кааласа ошондо берет) Ар бир мөөнөт үчүп жазылган (убактысы) бар.

13:39 Аллах (өкүмдөрдөн) каалаганын жок кылат, каалаган нерсесин бекемдеп койот. (Анткени,) Китептин Энеси Анын алдында.[1]

13:40 (О, Мухаммад) Эгер аларга (каапырларга) убада кылган нерсебизди (азапты) сага көрсөтсөк да же (көрсөткөнгө чейин) жаныңды алсак да (сага баары бир). Анткени, сенин милдетиң - жеткирүү. Биздин милдетибиз - эсептешүү.[1]

13:41 (Динге каршы болгондор) көрбөй жатышабы, Биз (алардын) жерге келип, ар тарабынан кыскартып жатабыз. Аллах (ушинтип) өкүм кылат. Анын өкүмүн кечиктирүүчү жок! Ал тез эсептешүүчү![1]

13:42 Алардан мурунку каапырлар дагы (динге каршы) айлакерлик кылышкан. Бирок, бардык айлакерлик Аллахтын колунда.[1] Ал ар бир жан эмне кылганын билип турат. Каапырлар Акырет Үйү кимдин пайдасына болушун жакында билип алышат!