Шамсуддин Хакимов — 249
13:1 Алиф, Лам, Раа.[1] Булар - Китеп аяттары. Жана (оо, Мухаммад), сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсе (Куран) Акыйкат. Бирок, (буга) көпчүлүк адамдар ишенишпейт.
13:2 Аллах силер көрүп турган асмандарды тирөөчсүз көтөрдү. Андан кийин Арштан бийик болду.[1] Жана Күн менен Айды (пенделердин пайдаларына) моюн сундурду. Алардын ар бири (Кудуреттүү Кудайдын башкаруусу менен) белгиленген убакытка (Кыяматка) чейин (мейкиидикте сүзүп) жүрө берет. (Аллах) иштерди башкарат. Раббиңерге жолугууну анык-айкын билип алууңар үчүн аят-далилдерди анык, толук көргөзүп берет.
13:3 Жана Ал жерди(н бетин) жайык кылып ага тоолорду, дарыяларды жаратты. Жер бетине ар түрдүү мөмөлөрдөн эки түгөй жаратты.[1] (Жана) Ал күндүздү түн менен ороп койот. Албетте, ушуларда пикирин иштеткен адамдар үчүн (Аллахтын даанышмандыгына жана кудуретинде) далилдер бар.
13:4 Жана жер бетинде бири-бирине жакын айдоо жерлер, жүзүм бактар, эгиндер жана бутактуу-бутаксыз курмалар бар. (Алар) бир (топуракта өсүп, бир түрдүү) суу менен сугарылат. Жегенде Биз алардын кээ бирин башкаларынан артыгыраак кылып койобуз. Чынында, бул нерселерде акылын иштеткен адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.
13:5 Эгер (ушунча далилдерден кийин деле ыйман келтирбегендердин жоругун) «таң калычтуу» десең, ыймансыздардын «биз топурак болуп калгандан кийин кайрадан жаратылабызбы» деген сөздөрү (андан бетер) таң калычтуу. Алар Раббилерине каапыр болгон адамдар! Алардын мойнунда (ыйманына тоскоол болгон, дүйнө) кишендер(и) бар. (Ошондуктан,) алар тозок ээлери жана анда түбөлүк калышат!