Шамсуддин Хакимов — 247
12:96 Ал эми, качан сүйүнчүлөгөн адам (жетип) келип, аны (Юсуфтун көйнөгүн) анын бетине таштаганда, көзү мурунку абалына кайтып, көрүп калды (жана): «Силерге: «Мен Аллахтан (келген вахий себептүү) силер билбеген нерселерди билемин» дебедим беле?» - деди.
12:97 (Балдары) айтты: «О, атаке! Биздин күнөөбүздү(н кечирилишин) Аллахтан сураңыз. Чынында, биз ката кылуучулардан болдук!».
12:98 (Яькуб) айтты: «Албетте силердин күнөөңөрдү кечирүүсүн Аллахтан сураймын! Аныгында, Ал Кечирүүчү, Ырайымдуу.[1]
12:99 Юсуфка киришкенде, ата-энесин үйүнө түшүрүп: «Мисирге кош келдиңиздер! Аллах кааласа тынч келдиңиздер!» - деди
12:100 жана ата-энесин (жетелеп падышалык) тактыга алып барды. (Ошондо) бардыгы ага сажда (таазим) кылып жыгылышты. (Анда Юсуф): «О, атаке! Бул менин мурунку (балалыгымдагы) түшүмдүн мааниси. Раббим ал түшүмдү акыйкатка айлантты. Ал мени зындандан чыгарганда, силерди ээн чөлдөн (аман-эсен) алып келгенде жана шайтан мени менен агаларымдын арасын бузгандан[1] кийинки кездерде мага (чоң) ихсан-жакшылык кылды. Чынында, Раббим каалаган ишти кылдаттык менен иш жүзүнө ашырып коюучу! Чынында, Ал - Билүүчү, Даанышман!
12:101 «О, Раббим! Сен мага мүлк-бийлик берип, түштөрдүн маанисин үйрөттүң! Оо, асмандар жана жердин жаратуучусу! Менин дүйнө-Акыреттеги сактоочум Өзүңсүң! Мени мусулман абалда өлтүрүп (наркы дүйнөдө) жакшы адамдарга кошкунуң!»
12:102 (О, Мухаммад!) Биз сага вахий кылган бул икая кайып кабарларынан. (Болбосо, Юсуфтун агалары) айлакерлик кылып, өз иштерин чогуу эрежелештирип жатканда, сен алардын алдында жок болчусуң.
12:103 Эгер сен умтулсаң да адамдардын көпчүлүгү ыймандуу болушпайт.