Шамсуддин Хакимов — 242
12:53 Мен өзүмдү актабаймын. Чынында, напси деген жаман ишке тынбастан буюрат турбайбы, Раббим ырайым кылбаса! Албетте, Раббим Кечирүүчү, Ырайымдуу”
12:54 Падыша айтты: “Аны мага (урмат-сый менен) алып келгиле, өзүмө ынак (кеңешчи) кылып алайын”. (Юсуф) аны менен сүйлөшкөндө, (падыша) айтты: «Бүгүн(дөн баштап) сен биздин алдыбызда туруктуу жана ишенимдүү адамыбызсың».
12:55 (Юсуф) айтты: «Анда мени жер казыналарынын үстүнө (башчы) кылып коюңуз. Мен сактай билген жана билимдүү кишимин».[1]
12:56 Мына ушинтип, Биз Юсуфту (Мисирдеги) жерден өзү каалаган жайда жашай турган кылып орноштурдук. (Бул) Өзүбүз каалаган адамдарга бере турган ырайым-рахматыбыздын насиби. Биз жакшылык кылуучулардын сообун текке кетирбейбиз.
12:57 Чынында, ыйман келтирип, такыба болгон кишилерге (бул дүйнө жыргалынан) Акыреттик сооп жакшы.[1]
12:58 Агалары Юсуфка келип, (дан тарттырып алуу үчүн) алдыга киргенде, аларды (дароо) тааныды. Бирок, алар аны тааныган жок.
12:59 Аларга жүктөрүн даярдап берген убакта (мындай) деди: «Аталаш бир тууганыңарды да мага алып келгиле. Өлчөгөндө толтуруп бергенимди жана жакшылап конок-зыяпат кылганымды көрбөй жатасыңарбы?»
12:60 «Эгер аны алып келбесеңер, мага жакындашпайсыңар жана менден силерге (буудай) өлчөп берилбейт».
12:61 Алар: «Айтканыңызды сөзсүз аткарабыз, инибизди атасына жалынып болсо да алып келебиз» дешти.
12:62 Ал (Юсуф) өзүнүн жигиттерине айтты: «(Буудайдын акысына төлөгөн) буюмдарын төөлөрүнүн үстүндөгү жүктөрүнө (билдирбей) салып койгула. Ажеп эмес, үйлөрүнө жеткен кезде аны таанып (данды бекер бергенибизди билип) кайтып келишсе».
12:63 Аталарына кайтып барышканда, айтышты: «О, атаке, (эгер биз менен Биняминди жибербесең, эмкисинде) бизге (дан) тартуу токтотулду! Инибизди биз менен жибер. (Дан) тарттырып келели. Аны (Биняминди) өзүбүз сактайбыз».