>

Шамсуддин Хакимов — 24

2:154 Силер Аллахтын жолунда өлтүрүлгөн адамдарды “өлүктөр” деп айтпагыла! Андай эмес, алар тирүү! Бирок, силер муну сезбейсиңер.[1]

2:155 Албетте, Биз силерди коркуу, ачкачылык, мал-мүлктүн, жан-дененин жана мөмө-жемиштердин каатчылыгы сыяктуу нерселер менен сынайбыз. Сабыр кылуучуларга (бейиштен) сүйүнүчтүү кабарды угуз.

2:156 (Аллах таала тарабынан) бир кырсык (бактысыздык) жеткенде: “Бардыгыбыз Аллахтын мүлкү болобуз жана Анын Өзүнө кайтып барабыз” деген адамдарга…

2:157 Дал ошолорго Раббиси тарабынан мактоо, ырайым бар. Жана ошолор гана туура жолго түшкөндөр.

2:158 Сафа менен Марва Аллахтын (дининин) белгилеринен. Ким ажылык же умра кылса, ал экөөсүнө (Сафа менен Марвага) тооп кылса (барып келсе) болот. Ким бир жакшылыкты кошумча жасаса, бул - өзүнө пайда. Албетте, Аллах Шаакир (шүгүр кылуучу) жана Билүүчү.

2:159 Биз түшүргөн (Мухаммад жөнүндөгү) далилдерди жана туура жолду китепте (Тооротто) адамдарга баян кылып бергенден кийин деле жаап-жашырып жүргөндөргө Аллах наалат айтат жана бардык наалат айтуучулар наалат айтышат.

2:160 Ал эми, (күнөөлөрүнө) тообо кылган, (акыйкатка кайтып, пейилин) түздөгөн жана (жаап-жашырган чындыктарды) ачык айткан адамдардын тооболорун кабыл аламын. Жана Мен тооболорду кабыл алуучу, Мээримдүүмүн.

2:161 Каапыр болгон жана ошол каапырчылыгы бойдон (тообо кылбай) өлгөн адамдарга Аллахтын, периштелердин жана бардык адамдардын наалаты болсун!

2:162 Алар ошол наалаттын (тозок азабынын) ичинде түбөлүк калышат. Алардан азап жеңилдетилбейт жана аларга (тообо кылууга) мөөнөт берилбейт.

2:163 Силердин кудайыңар – жалгыз Кудай. Эч бир (сыйынууга татыктуу) кудай жок, жалгыз Ал – Ырайымдуу жана Мээримдүү (болгон Аллах) гана бар!