>

Шамсуддин Хакимов — 238

12:23 Ал үйүндө жашаган аял (вазирдин аялы) аны “жолдон азгырууну” каалап, эшиктерди (ичинен) кулпулап, “келегой” деди. (Анда, Юсуф) айтты: “Аллах сактасын! Акыры, ал (сенин эриң) мага орун-жай тууралуу (көп) жакшылык кылган кожоюнум го! (Мен кыянат кылбаймын!) Залым адамдар (тозоктон) кутулбайт!”

12:24 Аял ага умтулду. Эгер (Юсуф) Раббисинин далилдерин (ыйман жана илимди) билбесе, ал да умтулмак. Ушинтип, Биз андан жамандык, бузукулукту буруп жибердик. Чынында, Юсуф Биздин ыкыластуу пенделерибизден.

12:25 Экөө тең эшик тарапка (бири качып, бири кууп) чуркады. Аял анын көйнөгүн аркасынан айрып салды. Экөө (ошол абалда) эшиктин оозунда аялдын эрине жолугуп калышты. (Анда) аял (Юсуфка жалаа жаап): “Сенин аялыңа арамдык каалаган адамдын жазазы же зындан же кыйноочу азап” деди.

12:26 “Анын өзү мени азгырууну каалады” деди (Юсуф). Ошондо, аялдын жакын туугандарынан бирөө: “Эгер анын көйнөгү алдынан айрылган болсо, аялың ак, бул жалганчы.

12:27 Ал эми, мунун көйнөгү артынан айрылган болсо, бул - ак, аялың жалганчы” деп калыс сөзүн айтты.

12:28 (Вазир) Юсуфтун көйнөгү арт жагынан айрылганын көргөндө, (аялына карап): “Бул силердин (аялдардын) амалыңардан турбайбы! Силердин айлакерлигиңер чоң экен!”

12:29 “О, Юсуф, сен муну унутуп кой (эч кимге айтпа.) А, сен болсо, (оо, аялым) күнөөң үчүн кечирим сура. Ката кылуучулардан болуптурсуң” - деди.

12:30 Шаардагы аялдар (ушак) айта баштады: “(Уктуңарбы), вазирдин аялы өз кызматкерин азгырууну каалаптыр. Аябай сүйүп калган го. (Ошентсе да) биз аны анык адашуучулукта деп билебиз”.[1]