Шамсуддин Хакимов — 236
12:5 (Анда атасы) айтты: “О, балам! (Бул) түшүңдү агаларыңа айта көрбө сага каршы амалкерлик кылышат. (Анткени,) Шайтан инсанга анык душман.
12:6 Раббиң сени мына ушинтип тандап алыптыр. Эми, Ал сага сөздөрдүн (түштөрдүн) маанилерин билдирет жана мурун эки атаң - Ибрахим менен Исхакка толук бергени сыяктуу, Яькубдун үй-бүлөсүнө жана сага Өзүнүн (пайгамбарлык) нээматын толуктап берет.” Албетте, сөнин Раббиң - Билүүчү, Даанышман.
12:7 Акыйкатта, Юсуф менен анын бир туугандарында (алар жөнүндөгү икаяда) сурагандар үчүн үлгү-сабактар бар.
12:8 Бир кезде агалары (өз ара минтип) сүйлөшүштү: «Юсуф менен анын бир тууганы (Биняминди) атабыз бизден көбүрөөк сүйөт. Акыры, биз бир жамаатпыз го! Чынын айтканда, атабыз анык адашууда калды.
12:9 Юсуфту өлтүрүп (алыс бир) жерге таштап койгула. Ошондо, атаңардын жүзү (сүйүүсү) өзүңөргө калат жана ал иштен кийин (тообо кылып) жакшы адамдардан болуп аласыңар».
12:10 Алардан бирөөсү (мындай) деди: “Юсуфту өлтүрбөгүлө (бул - чоң күнөө) бирок, эгер (ушул ишти) жасоочу болсоңор, аны бир кудуктун түбүнө таштап койгула, кээ бир жолоочулар алып кетсин. Ушул пикирге бардыгы макул болгон соң, аталарына келип:
12:11 Айтышты: “Атаке! Эмне үчүн сиз Юсуфту бизге ишенбейсиз? Биз ага боорукербиз го?
12:12 Эртең аны бизге кошуп жибериңиз, ойноп-куунап келсин. Өзүбүз аны абайлап карайбыз”.
12:13 (Яькуб) айтты: “Чынында, аны алып кетишиңер мени капалантып койот. Жана силер аны унутуп калсаңар карышкыр жеп кетет деп коркомун”.
12:14 (Агалары) айтты: “Эгер биз бир жамаат болуп туруп, аны карышкыр жеп кетсе, анда, биз накта зыянкеч немелер экенбиз да? (Эптеп аталарынын макулдугун алып, Юсуфту “ойноткону” алып чыкмай болушту.)