Шамсуддин Хакимов — 230
11:72 Ал (таңыркап, ишенгиси келбей): «Шорум курсун! Мен төрөйт бекенмин?! Мен кемпир, бул күйөөм чал болуп калган болсок?! Бул кызык нерсе го!» – деди.
11:73 (Периштелер) айтышты: “Аллахтын буйругуна таң каласыңбы? Оо, (куттуу) үй-бүлө! Силерге Аллахтын ырайым, берекелери төгүлсүн! Ал – Даңазалуу, Улук!
11:74 Ибрахимдин кооптонуусу тарап, ага куш кабар келгенде Биз (жиберген периштелер) менен Лут коому жөнүндө талаша баштады.[1]
11:75 Чынында Ибрахим пейили жумшак, Аллахка өтө берилген ибадатчыл киши эле.
11:76 «Оо, Ибрахим бул талашты кой. Анткени, Раббиңдин өкүмү эчак эле келген. Аларга кайтарылгыс азап сөзсүз келет!»
11:77 Биздин элчилерибиз (Ибрахимден чыгып) Лутка келгенде, булар(дын келиши) себептүү капаланып жана кыжаалат болуп “Бул оор күн болот го!” деди.[1]
11:78 Мындан мурун бузук иштерди (бачабаздык) кылып жүргөн коомунун адамдары анын (үйүнүн) алдына чуркаган бойдон жетип келишти (жана “жаш жигиттерге” суктанып турушту). “Оо, коомум – деди Лут – (бул арам иштен көрө) мына, (коомдогу бардык кыздар) менин кыздарым (ошолорго үйлөнгөнүңөр) тазараак силер үчүн. Аллахтан корккула! Мени меймандарымдын алдында шерменде кылбагыла! Силердин араңарда туура жолдогу киши калган эмеспи?!
11:79 Айтышты: «Кыздарыңа биздин каалообуз жок экенин билесиң. Чынын айтканда, биз эмнени каалап жатканыбызды билип эле турасың да?»
11:80 (Анда Лут мындай) деди: «(Эх,) силерге кубатым жеткенде же болбосо, жөлөнөөр бекем тирегим (жоокерлерим) болгондо кана, атаганат!»
11:81 (Ошондо жигит кейпиндеги периштелер) айтты: «Оо, Лут! Биз Раббиңдин элчилери болобуз. Алар сага катыла албайт. Сен түндүн (таңга жакын) бир бөлүгүндө үй-бүлөңдү (айылдан) чыгарып кет. Эч кимиңер артына карабасын! Бир гана аялыңды (куткарууга аракет кылба). Чынында аларга (каапырларга) жетүүчү азап ага да жетет.[1] Алардын (өлтүрүлүү) убадалары таңга маал. Таң мезгили жакын эмеспи!»