>

Шамсуддин Хакимов — 23

2:146 Биз китеп (Тоорат жана Инжил) берген адамдар аны өз балдарын тааныган сыяктуу таанышат. (Анан ошол, пайгамбар – Мухаммад келгенде) алардан көпчүлүгү чындыкты билип туруп, жаап-жашыра башташты.

2:147 (Оо, Мухаммад) Акыйкат – Раббиң тарабынан! Демек сен эч качан шектенүүчүлөрдөн болбогун!

2:148 Ар бир (диндеги) адамдын жүздөнөр тарабы (кыбыласы) бар. Бири-бириңерден озуп жакшылык жасагыла! Силер кайда болсоңор да, Аллах бардыгыңарды (Кыямат күндүн эсеп-китеби үчүн) чогултуп алат. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү.

2:149 Кай тараптан (сапарга) чыксаң да жүзүңдү “Аль-Харам” мечити тарапка бур! Ал – Раббиң тарабынан болгон (айныгыс) Чындык! Аллах силердин ишиңерден кабарсыз эмес.

2:150 Кай тараптан чыксаң да, жүзүңдү “Аль-Харам” мечити тарапка бур! Силер дагы (оо, момундар,) үстүңөрдөн адамдарга далил болуп калбаш үчүн, кай жерде болсоңор да жүзүңөрдү ал тарапка бургула! Ал эми, алардын арасынан заалым болуп бүткөн адамдар (далилге деле карабай, бузук сөздөрүн тарата беришет). Алардан коркпогула, Мен силерге жакшылыктарымды толук кылып берүүм үчүн жана туура жолго багыт алууңар үчүн Менден гана корккула![1]

2:151 Ошондой эле, Биз силерге өзүңөрдүн араңардан бир элчи-пайгамбар жибердик. Ал силерге (чындыкты жалгандан, таухидди ширктен ажыратып бере турган) жана силерди тазарта турган аяттарыбызды окуп берет. Жана ал силерге Китеп (Куран) менен Даанышмандыкты (Cүннөттү), ошондой эле, силер билбеген (көп башка) нерселерди таалим берет.

2:152 Мени эстегиле. Мен да силерди эстеймин. Жана (берген нээматтарым үчүн) Мага шүгүр кылгыла жана эч каапыр болбогула.

2:153 Оо, момундар! (диний жана дүйнөлүк ишиңерде) сабыр жана намаз[1] менен кубаттангыла! Албетте, Аллах, сабырдуулар менен бирге.