Шамсуддин Хакимов — 229
11:63 (Салих) айтты: «Оо, коомум! Айткылачы, мен Раббим тарабынан анык далил үстүндө болсом жана Ал мага Өзүнүн ырайымын – пайгамбарчылыгын берген болсо, (силердин далилсиз “кудайыңарга” ыраазы болуп) Ага (Аллахка) күнөө кылсам, Аллахтын азабынан мага ким жардам бере алат?! Силер (бул талабыңар менен) мага зыяндан башка нерсени көбөйтпөйсүңөр!».
11:64 «Оо, коомум! Мына бул төө силер үчүн Аллахтын белгиси. Аны жөн (өз эркине) койгула. Аллахтын жеринде оттоп жүрө берсин. Ага эч жамандык кыла көрбөгүлө! Антсеңер, силерге жакын(да) азап жетет!»
11:65 (Бирок, каапырлар) төөнү союп жиберишти эле (Салих) айтты: «Короо-жайыңарда үч күн (жашоо нээматынан) пайдалана тургула. (үч күндөн соң Аллахтын азабы келет) бул – акыйкат убада!».
11:66 Качан Биздин буйругубуз (азап) келген убакытта Биз Салих менен ыйман келтирген адамдарды Өз ырайымыбыз менен (азаптан) жана ошол күндүн шерменделигинен асырап калдык. Албетте, сенин Раббиң - Кубаттуу, Кудуреттүү.
11:67 Жана залым (каапыр) болгон адамдарды катуу добуш (ач кыйкырык) кармады. Бардыгы (жүрөктөрү жарылып) орду-ордунда кырылып калышты.
11:68 Алар бул жерлерде жашабагандай болуп (кырылып) калышты! Көңүл бургула, Самуд коому Раббисине каапыр болду эле! Уккула, Самудка өлүм!
11:69 Биздин (периште) элчилерибиз[1] Ибрахимге (адам кейпинде) куш кабар алып келгенде, ага салам айтышты. “Салам” – деди (Ибрахим) жана дароо куурулган музоону(н этин) алып келди.
11:70 Алардын колу тамакка созулбай турганын көргөндө (бир жамандык менен келишкен болбосун деп), алардан шек санап, кооптоно түштү. (Анда) алар: “Коркпогун, биз Лут коомуна жиберилген (азаптоочу) элчилер болобуз” - дешти.
11:71 Ибрахимдин аялы (кызмат кылып) турган. (Болгон сөздү угуп) күлүп жиберди. Биз (периштелер аркылуу) ага (жакында төрөй турган баласы) Исхактын жана Исхактын артынан (жарык дүйнөгө жарала турган небереси) Якубтун кушкабарын билдирдик.