Шамсуддин Хакимов — 227
11:46 (Аллах) айтты: “О, Нух! Ал сенин үй-бүлөңдөн эмес! Чынында, бул (сенин каапырга жан тартышың) жакшы иш эмес! Өзүң (акыбетин) билбеген нерселерди менден тилебе! Мен сага наадандардан болбошуңду насаат кыламын”.[1]
11:47 Айтты: “О, Раббим! Мен өзүм билбеген нерсени Сенден сураганымдын жамандыгынан Өзүңдөн коргоо тилеймин! Эгер Сен мени кечирип, ырайым кылбасаң, зыян тартуучулардан болуп каламын!
11:48 Айтылды: «Оо, Нух! Биз тараптан берилген амандык менен жана сага, сени менен (кемеде) бирге болгондорго берилген берекелер менен (жерге) түшкүн. Дагы эл-улуттар (болот). Биз аларды (ар түрдүү) нээматтар менен пайдалантабыз. (Эгер шүгүр-ибадат кылышпаса) кийин аларды Биз тараптан келген кыйноочу азап кармайт».
11:49 (Оо, Мухаммад!) Булар Биз сага вахий кылган кайып кабарлары. Мындан мурун аларды сен билбейт элең, коомуң да билбейт эле. Эми, сабырдуу бол. Чынында акыбет-натыйжа такыба кишилердин пайдасына!
11:50 Жана Биз (Йемен) жериндеги) Аад элине, өздөрүнүн бурадарлары Худду пайгамбар кылып жибердик. Ал айтты: «Оо, коомум! Аллахтын Өзүнө ибадат кылгыла! Силерге Андан бөлөк сыйынууга татыктуу кудай жок! Силер (жалган “кудайларды”) ойлоп чыгарган (мушрик) экенсиңер.
11:51 Оо, коомум! Мен өзүмдүн дааватым үчүн силерден акы сурабаймын. Мага сооп-сыйлык берүү мени жараткан Аллахтын вазыйпасы. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!
11:52 Оо, коомум! (Өткөндөгү күнөөңөргө) Раббиңерден кечирим сурап, тообо кылгыла! (Ошондо) Ал үстүңөргө нөшөрлөгөн (берекелүү) жамгырларды жиберет, кубатыңарга дагы кубат кошот. (Ыйманга келгиле!) Күнөөкөр болуп тескери баспагыла!
11:53 (Мушриктер) айтышты: «Эй, Худ, бизге далил (моожиза) алып келбедиң. Сенин сөзүң менен биз кудайларыбызды таштабайбыз жана сага ыйман келтирбейбиз».