>

Шамсуддин Хакимов — 226

11:38 (Анан Нух) кеме жасай баштады. Ар качан (анын) алдынан коомунун адамдары өткөндө, аны шылдыңдашты. (Анда Нух): “Эгер (азыр) бизди мазактасаңар, биз да силерди өзүңөрдөй мазактайбыз.

11:39 Силер тез эле кимге (ушул дүйнөдө) кор кылуучу азап жана (Акыретте) кимдерге түбөлүк азап келишин билип аласыңар” - деди.

11:40 Качан гана Биздин (тагдырда белгилеген) буйругубуз келип, (асмандан сел куюлуп, бардык жерден, жадагалса оттун “уюгу” болгон) тандырлар(дын оозунан да оргуштап суу) атырылып чыкканда, Биз айттык: «(О, Нух!) Кемеңе ар түрдүү айбанаттардан экиден жуптарды, үй-бүлөңдү жана ыйман келтиргендерди чыгар. Ал эми, Биздин (“ага өлүм” деген) сөзүбүз жеткен адамдарды (чыгарба!)» Ага бир аз эле кишилер ыйман келтирген болчу.

11:41 (Нух) айтты: «кемеге чыккыла! Анын жүрүшү да, токтошу да Аллахтын ысымы менен. Чынында, Раббим - Кечиримдүү, Ырайымдуу!»

11:42 Жана кеме тоолордой толкундардын үстүндө сүзүп баратканда Нух (ыймандуулардан) ажырап калган уулуна: “О, уулум, биз менен бирге кемеге чык! Каапырлар менен болбо! (Анда сен дагы чөгүп өлөсүң)” - деди.

11:43 (Баласы атасына ишенбей): “Мен тоонун башына чыгып кетемин. Ал мени суудан сактап калат”- деди. (Нух) айтты: “Бүгүн Аллахтын буйругунан кутултуучу жок. Өзү ырайым кылгандар гана (кутулат.) (Анан) экөөнүн арасын толкун бөлүп койду жана (уулу, каапыр болгону себептүү) чөктүрүлгөндөрдөн болду.

11:44 (Кийин Аллахтын буйругу) айтылды: “О, жер, сууңду тарт! О, асман, (жамгырды) токтот!” Ошентип, суу тартылды жана өкүм аткарылды. (Кеме) Жудий тоосунун үстүндө токтоп калды жана “залымдарга өлүм!” деген наалат айтылды.

11:45 Анан Нух Раббисине (бийик добуш менен) жалбарды: “Раббим-ай! Уулум менин үй-бүлөмдөн го!? Сенин убадаң акыйкат го!? Сен эң адилет өкүм кылуучусун го!?[1]