>

Шамсуддин Хакимов — 225

11:29 О, коомум! Мен (динге) даават кылганым үчүн силерден мал-дүйнө сурабаймын. Мага сооп-сыйлыкты Аллах берет. Мен ыйманга келгендерди кууп жибербеймин.[1] Алар Раббисине жолугуучу (жана андан бейиш сыйлыгын алуучу) адамдар. Бирок, мен силердин наадан коом экениңерди көрүп турамын.

11:30 О, коомум! Эгер мен ал адамдарды айдап жиберсем, Аллахтын (азабынан кутулууга) мага ким жардам бере алат?! Ойлонбойсуңарбы?!

11:31 Мен силерге: “Менде Аллахтын казыналары бар” дебеймин. Мен кайыпты да билбеймин (аны бир Аллахтан башка эч ким билбейт). Жана “мен периштемин” деп да айтпаймын. Жана… Силер көзүңөргө илбеген (бей-бечара) адамдар жөнүндө: “Аллах аларга жакшылык (бейиш) бербейт” дей албаймын. (Эгер ыймандары ыкыластуу болсо, албетте, берет) Алардын жан-дилиндеги нерселерди Аллах көбүрөөк билет. Мен (эгер силер каалаганды айтсам) анда, мен залымдардан болуп калмакмын. (Мушрик-каапырлар Нух алейхи саламдан өздөрү талап кылган жоопту алалбай калгандан кийин мындай)

11:32 дешти: “О, Нух! Биз менен көп талаштың! Эгер сөзүңдө чынчыл болсоң, бизге убада кылганыңды (азапты) келтирчи кана!”

11:33 (Анда Нух): “Аны силерге эгер кааласа, Аллах гана келтирет. Анда (Аллах Таалага) алыңар жетпей калат!

11:34 Эгер Аллах силерди адаштырууну каалаган болсо, мен силерге насаат айтууну кааласам да, насаатым силерге пайда бербейт. Ал силердин Раббиңер жана Өзүнө кайтарыласыңар” - деди.

11:35 Же алар: “(Нух) Аллахка жалган-жалаа айтып жатат” дешеби? Айт: “Эгер мен жалган айтсам, күнөөм өз мойнумда. Бирок, мен силердин күнөөңөргө жооп бербеймин”.

11:36 Нухка (Аллах тарабынан) вахий кылынды: “Коомуңдун арасынан мурда ыйман келтиргендеринен башка эч ким ыйман келтирбейт. Бирок, алардын (каапырлык) иштери себептүү кайгырба. (Аллах сазайын берет!)

11:37 (О, Нух!) Биздин Көз алдыбызда вахий-таалимибиз боюнча (чоң) кеме жаса жана залым адамдар(ды өлтүрүү) жөнүндө мага кайрылбай эле кой. (Тагдырдагы «иш» бүткөн:) Алар – чөктүрүлгөндөр![1]