>

Шамсуддин Хакимов — 219

10:89 (Анда Аллах): “Экөөңөрдүн дубаңар кабыл болду. Эми, (диниңерде) түз болуп, (дааватыңарды улантып) илимсиз адамдардын жолуна ээрчибегиле!”- деди.

10:90 Биз Исраил урпактарын деңизден (аман-эсен) өткөрдүк. Фараон менен анын аскерлери зулумдук жана душмандык кылуу үчүн аларды кууп келди. Качан гана Фараон (деңизге) чөгө баштаганда: “Ыйман келтирдим! Чын эле, Исраил урпактары ишенген Аллахтан башка кудай жок! Мен да мусулмандардан биримин!”- деди.[1]

10:91 Эмиби?! Кечээ эле күнөөкөр болуп, бузукулардан болуп жүрдүң эле!

10:92 Бүгүн (сени өлтүрүп, бирок) денеңди куткарабыз, сенден кийинкилерге сабак болушу үчүн. Чынында, көпчүлүк адамдар биздин аяттарыбыздан кабарсыз калышкан.

10:93 Биз Исраил урпактарын эң мыкты орундарга (Фараондон калган кооз жерлерге) орноштуруп, таза-адал нерселерден ырыскы бердик. Алар качан өздөрүнө илим (ыйык китеп) келгенге чейин (чындык жөнүндө) талашып-тартышышкан жок. Чынында, (Оо, Мухаммад,) Сенин Раббиң, алардын арасындагы талашкан нерселерине Кыямат Күндө Өзү өкүм чыгарат.

10:94 (О, Мухаммад) Эгер Биз сага түшүргөн нерседе (туурабы же туура эмеспи деп) экиленип калсаң, өзүңдөн мурунку китепти (Тоорат, Инжилди) окуган (ынсаптуу) адамдардан сура.[1] Аныгында, сага Раббиңден Акыйкат (Куран) келди. Эми сен шектенүүчүлөрдөн болбогун!

10:95 Жана сен Аллахтын аяттарын “жалган” деген адамдардан болбогун! Анда зыян тартуучулардан болуп каласың!

10:96 Чынында, Раббиңдин сөзү (азабы аларга келиши) чындык болуп калган адамдар ыйман келтиришпейт.

10:97 Эгер аларга (Аллахтан) бардык далил-моожизалар келсе да, жан кыйноочу азапты (өз көздөрү менен) көрмөйүнчө ынанышпайт.[1]