Шамсуддин Хакимов — 218
10:79 Анан Фараон айтты: “Мага (Мисир жериндеги) бардык илимдүү сыйкырчыларды алып келгиле!”
10:80 Качан сыйкырчылар (Муса менен жарышканы) келгенде Муса аларга: “Эмнени таштоону кааласаңар таштагыла”- деди.
10:81 (Сыйкырчылар колдорундагы жиптерди, таякчаларды) таштады эле, (кадимки эле ийрелеңдеген жыландарга окшоп калды. Анда) Муса айтты: “Силер жасаган (ушул) иш (анык) сыйкыр! Аллах тез эле анын жалганын чыгарат! Чынында, Аллах бузукулардын ишин оңдобойт».[1]
10:82 Аллах кылмышкерлерге жакпаса да, Өзүнүн сөздөрү менен Акыйкатты бекемдеп койот.
10:83 Мусага (көпчүлүк) ыйман келтирбеди. Өзүнүн коомунан бир тайпа жаш жигиттер гана[1] Фараон менен анын адамдары аларды (күч менен) динден кайтарып коюусунан корккон абалда ыйман келтиришти. (Анткени,) Фараон жер бетинде багынтуучу (каардуу) жана чектен чыккандардын бири эле.
10:84 Муса айтты: “О, коомум! Эгер Аллахка ыйман келтирген жана мусулман болсоңор, (ыйман милдетин аткаргыла жана) Аллахка тобокел кылгыла!
10:85 Алар (Мусанын коому анын сөзүнө муюп) айтты: “Аллахка тобокел! О, Рабби! Бизди залым адамдарга кор (жеңилген) кылып койбо!
10:86 Жана Өз Ырайымың менен бизди каапыр коомдон куткар!
10:87 Биз Муса менен агасына (Харунга): “Экөөң коомуңар үчүн Мисирде (ибадат кылуучу) үйлөрдү кургула жана (эгер жалпы ибадатканада намаз окууга тоскоолдук болсо) өз үйүңөрдү ибадаткана кылып, намаз окугула. Жана адамдарга (жакында келе турган Аллахтын жардамы тууралуу) сүйүнүчтүү кабар айткыла!”- деп вахий кылдык.
10:88 Муса айтты: “О, Раббим! Сен Фараон менен анын адамдарына (бул) дүйнө жашоосунда (ар түрдүү) зыйнаттарды жана мал-мүлктү бердиң! О, Раббим! (Сен дүйнөнү аларга) Өзүңдүн жолуңдан адашып кетүүсү үчүн гана бергенсиң. О, Раббим! Алардын мал-мүлкүнө апаат берип, жүрөктөрүн катырып сал! Качан гана жан чыдагыс азапты көрмөйүнчө ыйман келтире албай калышсын!