>

Шамсуддин Хакимов — 216

10:62 Уккула! Чынында, Аллахтын досторуна (келечекте) эч коркунуч жок жана алар (өтмүштөгү иштерине да) кайгырышпайт.

10:63 Алар ыйман келтирип, такыба болгон адамдар.

10:64 Алар үчүн Дүйнөдө жана Акыретте сүйүнчү кабарлар бар. Аллахтын сөздөрү (эч качан) өзгөртүлбөйт. Бул – Улуу Жеңиш!

10:65 (О, Мухаммад) Сени алардын (динге жана сага багытталган ыпылас) сөздөрү капа кылбасын. Бардык урмат-ызаат Аллах үчүн! Ал – Угуучу, Билүүчү!

10:66 Уккула, чынында асмандар жана жерде болгондун бардыгы Аллахтын гана мүлкү. Аллахтан башка “кудайларга” дуба (ибадат) кылып жаткандар шек-күмөндөрдү гана ээрчишет жана жалгандарды гана божомолдошот.[1]

10:67 Ал (Аллах) силерге анын койнунда бейпил дем алышыңар үчүн түндү жана (анда турмуш-тиричилик кылууңар үчүн) жарык күндүздү чыгарып берди. Албетте, бул нерседе (аң-сезим менен) уга билген адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.

10:68 (Каапырлар) “Аллахтын баласы бар” дешти. Ал (каапырлардын сыпаттоосунан) Таза! Ал – Беймуктаж. Асмандар жана жердеги бардык нерселер Анын менчиги. (Оо, каапырлар!) Силердин алдыңарда бул сөзүңөргө далил жок! Эмне, силер Аллах жөнүндө билбеген (далилсиз) нерселерди сүйлөй берсиңерби?!

10:69 Айткын: “Аллахка жалгандарды ойлоп тапкан адамдар (тозоктон) кутулушпайт!”

10:70 (Алар үчүн) Дүйнөдө (өз жалгандары менен бир аз) пайдалануу бар. Анан, Өзүбүзгө (кайтып) келишет. Анан, аларга каапырчылыктары себептүү катуу азап таттырабыз!