>

Шамсуддин Хакимов — 213

10:34 Айт: «(О, мушриктер!) силердин (Аллахтан башка) “кудайыңардын” арасында калк-калайыкты башта жаратып, (кийин өлтүрүп) анан кайра жарата ала турганы барбы?» Айт: «Аллах (гана) башта жаратып, (аны өлтүргөндөн) кийин кайра жарата алат! (Ошол Аллахка сыйынбай) кайда бара жатасыңар?!

10:35 Айткын: “Силердин “кудайыңардын” арасында акыйкатка баштай ала турганы барбы? Айт: “Аллах гана акыйкатка баштай алат! (Айткылачы), ким артынан ээрчигенге көбүрөөк татыктуу: акыйкатка баштай ала турганыбы же баштай албай, тескерисинче, өзү баштоочуга муктаж болгонубу?! Силерге эмне болгон? Кандай өкүм чыгарып жатасыңар?!

10:36 Алардан (мушриктерден) көпчүлүгү шек-күмөндөрдү гана ээрчийт. Чынында, күмөн деген акыйкаттын ордун баса албайт. Аллах алардын иштерин Билүүчү.

10:37 «Бул Куран Аллахтан башка эч кимден келбеген. Ал (Куран) өзүнөн мурунку (Тоорат, Инжил, Забур сыяктуу) китептерди тастыктайт, (адал-арам маселелерин) толук баяндап берет. Анын ааламдардын Раббиси тарабынан келгенине эч бир шек-күмөн жок».

10:38 Же алар: “Аны (Мухаммад) ойдон чыгарган” - дешеби? Айткын: “Эгер чынчыл болсоңор, Аллахтан башка колуңардан келген ар кимдерди чакырып болсо да, ушуга окшош бир гана сүрө келтиргилечи?!”

10:39 Жок! Алар Куранды үйрөнбөй туруп, анын түшүнүк-маанисин билбей туруп эле “жалган” дегенге шашылышат. Алардан мурунку каапырлар дагы (өз пайгамбарына келген чындыкты) ушинтип “жалган” дешкен. Эми, залымдардын акыбет-натыйжасы кандай болгонун көрүп кой!

10:40 Алардын арасында Куранга ыйман келтиргендери да бар, ыйман келтирбегендери да бар. Сенин Раббиң бузуку адамдарды Билүүчү.

10:41 Эгер сени “жалганчы” дешсе (көңүл бурбай, даават ишиңди уланта бер, жана) аларга айт: “Менин ишим - өзүмө, силердин ишиңер - өзүңөргө. Менин иштериме силер жооп бербейсиңер, силердин ишиңерге мен жоопкер эмесмин”.

10:42 Алардын арасынан кээ бирөөлөрү сага кулак салышат. Сен дүлөйлөргө кантип угузмак элең, (өздөрү) акылдарын иштетпей жатышса.