>

Шамсуддин Хакимов — 207

9:123 О, ыймандуулар! Жакыныңардагы каапырларга каршы согушкула! (Согушта) силерден катуу кайраттуулукту гана көрүшсүн! Билгиле! Аллах такыбалар менен!

9:124 Качан бир сүрө түшкөндө алардын (мунафыктардын) кээ бирөөлөрү: “Бул сүрө кимиңердин ыйманыңарды көбөйтүп койоор экен!” деп (мыскылдуу) сүйлөшөт. (Чынында,) бул сүрө(лөр) ыйман келтирген кишилердин ыймандарын көбөйтөт жана алар (муну бири-бирине айтып) сүйүнүшөт.

9:125 Ал эми, (бул сүрөлөр) жүрөгүндө шек-күмөн болгондордун шектенүүсүнө дагы шектенүү кошот жана алар каапыр бойдон өлүп тынышат.[1]

9:126 Алар ар жыл сайын бир же эки иреттен (Аллахтын ар түрдүү балээлери менен) сыналып жатышкандарын ойлонушпайбы?! Анан дагы эле тообо кылышпайт, дагы эле эсине келишпейт!

9:127 Жана качан бир сүрө түшсө, (ага моюн сунуунун ордуна) бири-бирине карашып: “Сени эч ким көрүп калбадыбы?” дешип, (туш-тушуна) басып кетишет. (Натыйжада, акыйкатты) түшүнбөгөнү себептүү Аллах алардын жүрөктөрүн (чындыкты кабыл алуудан) буруп койду.

9:128 (О, ыймандуу пенделер!) Силерге өз араңардан болгон, силердин кайгыңар үчүн азап чеккен (тозоктон кутулуп калышыңарга) катуу умтулган жана ыймандуулар үчүн ырайымдуу, боорукер пайгамбар келди го!

9:129 Эгер жүз буруп кетишсе айт: “Мага Аллах жетиштүү. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! (Ага) тобокел кылдым. Жана Ал Улуу Арштын Раббиси!».