>

Шамсуддин Хакимов — 205

9:112 (Ар убакытта күнөө-каталарынан) тообо кылуучулар, (Аллахтын Өзүнө гана) ибадат кылуучулар, (жеңилдик-оорчулукта) шүгүр кылуучулар, орозо кармоочулар, рукууь жана сажда кылуучулар, (Аллах жана пайгамбары буюрган бардык) жакшылыктарга буюруучулар жана (бардык) жамандыктардан кайтаруучулар жана Аллахтын чек-чегараларын сактоочулар… (ушундай) момундарга (бейиштен) кушкабар бер!

9:113 Мушриктердин күнөөсүн сурап дуба кылуу пайгамбар менен ыймандуу адамдарга – эгер (ал мушрик) жакын тууганы болсо да – эч мүмкүн эмес, алардын тозоку болгону маалым болгондон кийин.

9:114 Ибрахим атасынын күнөөсүн сураган болсо, ага берген убадасы бар эле.[1] Качан ага атасы Аллахтын душманы экени билингенде, андан «кол жууду». Чынында, Ибрахим Раббисине кайтуучу, ырайымдуу эле.

9:115 Аллах (эч бир) коомду туура жолго баштагандан кийин, качан аларга сактануучу нерселерин анык баяндап бермейинче адаштырбайт. (Аллах “сактангыла” деген күнөөлөрдөн сактанбай коюшса гана адаштырат). Албетте, Аллах - ар бир нерсени Билүүчү.

9:116 Чынында, асмандар жана Жер мүлкүнүн баары Аллахка таандык. (Ал) жашоо жана өлүм берет. Силерге Аллахтан башка эч бир (пайда берүүчү) Башчы да, (зыяндан сактоочу) Жардамчы да жок!

9:117 Аллах пайгамбардын, мухажирлердин жана ансарлардын тообосун кабыл алды. Алар ага (пайгамбарга) араларындагы бир тайпа адамдардын жүрөгү (акыйкаттан) тайып кете жаздагандан кийинки оор сааттарда ээрчиген эле. Кийин Аллах алардын тообосун кабыл алды. Чынында Аллах аларга Ырайымдуу, Боорукер.