Шамсуддин Хакимов — 204
9:107 Дагы ушундай кишилер бар, алар (Исламга) зыян жеткирүү үчүн, каапырчылык(ты күчөтүү) үчүн, момундардын арасын бөлүп-жаруу үчүн жана да мындан (бир аз) мурун Аллах жана Анын пайгамбарына каршы күрөшкөн адамга жардам берүү үчүн мечит курушту[1] жана “биз жакшылыкты (ал мечитте кедейлерге кайрымдуулук көргөзүүнү) ниет кылган элек” деп ант ичишти. Аллах алардын жалганчы экенине күбөлүк берет.
9:108 Сен (о, Мухаммад,) ал мечитте (эч качан намазга) турбагын. Эң абалкы (өзүң келген) күндөн эле такыбалыктын үстүнө курулган (Кубадагы) мечит сен анда турууга ылайыгыраак. Анда (денесин жана рухун) тазартууну сүйгөн адамдар бар. Аллах таза-пакиза адамдарды сүйөт.
9:109 Ким жакшыраак? Өзүнүн имаратын Аллахтан коркуунун жана ыраазычылыгынын үстүнө курган адамбы, же болбосо, кулап-көчүп бараткан жардын кырына куруп, анысы менен бирге өзү да тозок отуна кулаган адамбы?! Аллах залым коомдорду туура жолго баштабайт!
9:110 Алардын (мунафыктардын) “курулуш-(имарат)тары” тээ жүрөктөрү (бушайман-тоободон) барчаланып кеткенге чейин жүрөктөрүндө шек-күмөн болуп кала берет.[1] Аллах – Билүүчү, Даанышман.
9:111 Чынында, Аллах ыймандуулардын жандары менен мал-мүлктөрүн, аларга бейишти берүү менен сатып алат. Алар Аллах жолунда согушуп, өлтүрүшөт жана өлтүрүлүшөт. (Жан, мал барабарына бейиштин берилиши) Тоорат, Инжил жана Курандагы Аллахтын анык убадасы. Өз убадасын Аллахтан жакшыраак ким аткара алат? (Оо, ыймандуулар!) Ошондуктан (Аллах) менен кылган соодаңарга сүйүнгүлө! Бул (сооданын ишке ашуусу) – чоң жеңиш!