>

Шамсуддин Хакимов — 203

9:100 Мухажир жана ансарлардан турган алдыңкы саптагы эң биринчилер жана ошолордун изинен эң сонун ээрчип бара жаткандардан Аллах ыраазы болду, алар дагы Аллахтан ыраазы болушту. Жана Аллах аларга, астынан дарыялар аккан, түбөлүк калуучу бейиштерди даярдап койду. Бул – чоң жеңиш!

9:101 (Оо, Мухаммад) тегерегиңердеги бедуиндерден жана Медина элдеринен турган мунафыктар эки жүздүүлүгүн токтотпой жатышат. Аларды сен биле албайсың. Биз билебиз. Биз аларды эки ирет (бул дүйнөдө да, аркы дүйнөдө да) азаптайбыз. Кийин алар (кыяматта) чоң азапка (тозокко) кайтарылышат.

9:102 Жана башкалары (мунафык эместер) өз күнөөлөрүн моюндарына алышып, жакшы иштерине башка жаман (күнөө) иштерин да аралаштырып жүрүшөт. Аллах алардын тооболорун кабыл алып калса ажеп эмес. Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.

9:103 «(О, Мухаммад!) Сен алардын мал-мүлкүнөн аларды (сараңдыктан жана башка күнөөлөрүнөн) тазалай турган жана алдарды(н байлыгын, адеп-ахлагын, Акыреттик сообун) өстүрө турган (зекет) садакасын ал. Жана алар үчүн дуба кыл. Чынында сенин дубаң - алар үчүн бейпилдик. Аллах - Угуучу, Билүүчү».

9:104 Алар (тообо кылбай, садака бербей жүргөн күнөөлүүлөр) Аллах пенделеринен тообону жана садакаларды кабыл алышын билишпейби? Чынында, Аллах - тооболорду кабыл алуучу (жана) Ырайымдуу.

9:105 Жана айткын: “(Эй, жихаддан калган пенделер! Аллахты ыраазы кыла турган) амалдарды жасап калгыла. Аллах амалыңарды көрүп турат. Жана анын пайгамбары менен ыймандуулар дагы (амалыңарды көрүп турушат). Силер жакында (кыяматта) кайыпты да аныкты да Билүүчүнүн алдына кайтарыласыңар. Анан Ал силерге бардык ишиңердин кабарын билдирет.

9:106 Дагы башкалар (эки жүздүү эмес, бирок согуштан себепсиз калгандар) бар. Алар Аллахтын өкүмүнө: же жазалоосуна же тооболорун кабыл алуусуна калтырылгандар. Аллах - Билүүчү, Даанышман!