>

Шамсуддин Хакимов — 202

9:94 Силер (согуштан) кайтканыңарда, алар (бай болсо да барбай койгондор) сенден кечирим сурашат. Айткын: “Кечирим сурабай эле койгула! Силерге эч качан ишенбейбиз! Аллах силердин (бизден жашырган) кабарыңарды бизге билдирген. Аллах жана пайгамбары ишиңерди көрүп турат. Кийин (Кыяматта) көрүнөөнү да, көмүскөнү да Билүүчүгө кайтарыласыңар. Ал силерге (бардык) кылган ишиңердин кабарын берет.

9:95 Качан аларга кайтып барганыңарда алардан (эч нерсе сурабай) жөн коюшуңар (үчүн) ант ичишет. Эми, алардан жүз бургула! (Себеби) Алар – ыпылас! Жана кылмыштарынын жазасына, алардын орду тозок!

9:96 (Көңүлүңөргө карап) алардан ыраазы болушуңар үчүн ант ичишет. Эгер силер ыраазы болсоңор да, Аллах бузуку адамдардан ыраазы болбойт!

9:97 (Шаардан сыртта жашаган) бедуиндер (Дин-Шариятты жакшы билбегени себептүү) каапырчылык жана мунафыктык жаатынан катуураак жана Аллах пайгамбарына түшүргөн нерсенин (диндин) чек араларын билбегенге ылайыгыраак болушат. Аллах – Билүүчү, Даанышман.

9:98 Бедуиндердин арасында (Аллах жолунда) садака кылган нерсесин (өзүнө) зыян деп билген жана силердин башыңарга оор күндөрдүн түшүүсүнө ынтызар болуп тургандары да бар. Өздөрүнүн башына балээ түшүп калсын! Аллах – Угуучу, Билүүчү.

9:99 Жана бедуиндер арасында, Аллахка, Акырет күнүнө ишенип, садака кылган нерселерин Аллахка жакын болуу жана пайгамбардын бата-дубасына себеп деп билгендери да бар. Уккула, албетте, ал (пайгамбардын дубасы) алар үчүн Аллахка жакындашуу(суна себеп болот). Аллах жакында аларды Өз ырайымына киргизет. Аллах – Кечирүүчү, Ырайымдуу.