Шамсуддин Хакимов — 200
9:80 (О, Мухаммад!) Кааласаң алардын күнөөсүн (кечирүүнү Аллахтан) сура, каалабасаң, сураба. Эгер жетимиш ирет сурасаң да, Аллах аларды кечирбейт. Мунун себеби; алар Аллахка жана пайгамбарына каапыр болушту. Аллах бузуку коомду туура жолго баштабайт.
9:81 (Жихадга чыкпай, аялдар менен жаш балдардын катарында) үйлөрүндө калгандар, пайгамбарга каршы иш жасаганына сүйүнүп, Аллахтын жолунда мал-жандары менен жихад кылуудан түңүлүп: “(Мындай) ысыкта чыкпай эле койгула” дешти. Айткын: “Тозок отунун ысыгы катуураак, эгер түшүнүшсө!”
9:82 (Алар бул дүйнөдө аз ыйлап, көп күлгөн болчу. Эми, Аллахтын жазасына кабылганда) кылмыштарына жараша азыраак күлүп, көбүрөөк ыйлашсын!
9:83 Эгер Аллах сени (Табук согушунан себепсиз калган жана мунусуна өкүнбөгөн) тайпага кайра жолуктурса, жана алар сенден (мындан башка, жеңилирээк) согушка чыгууга уруксат сурашса, айткын: “Эми, мени менен эч качан чыкпайсыңар. Мени менен бирге эч бир душманга каршы согушпайсыңар! Силер биринчи жолкусунда (үйдө) отурууну жактыргансыңар! Эми, калуучулар (аялдар жана жаш балдар) менен отура бергиле!
9:84 Эгер алардан бирөөсү өлсө, ага эч качан жаназа түшүрбө жана мүрзөсүнүн үстүндө (дуба кылып) турба! (Себеби) алар Аллах жана пайгамбарына каапыр болушуп, бузуку бойдон өлүштү!
9:85 Сени алардын дүйнө-мүлктөрү жана балдары(нын көптүгү) кызыктырбасын! Аллах аларды бул дүйнөдө ошол (байлык) менен азаптоону жана каапыр бойдон өлүп кетүүсүн каалады.
9:86 Качан: “Аллахка ыйман келтиргиле, жана пайгамбары менен бирге жихад кылгыла!” деген сүрө түшсө, алардын арасындагы (согуштан калууга эч кандай шылтоо-себеби жок) бай адамдар: “(О, Мухаммад) бизди жөн эле койчу. (Үйдө) отуруучулар менен эле бололучу?” - дешип сенден уруксат сурашат.