>

Шамсуддин Хакимов — 20

2:127 Эстегин, Ибрахим менен (баласы) Ысмайыл экөө Үйдүн (Каабанын) пайдубалын көтөрүп жатып (мындай деп дуба кылышты): “О, Раббибиз! Бизден (ушул ишибизди) кабыл кыла көр! Албетте, Сен Угуучу, Билүүчүсүң!

2:128 Оо, Раббибиз! Бизди Өзүңө моюн сунуучулардан кыл! Биздин урпактарыбыздан Өзүңө мусулман (моюн сунуучу) үммөт (чыгар!) жана бизге (ажы мезгилинде жасалчу) ибадаттарыбызды үйрөт! Биздин тооболорубузду кабыл кыл! Албетте, Сен тообону кабыл кылуучу, Мээримдүүсүң!

2:129 Оо, Раббибиз! Алардын (урпактарыбыздын) арасынан, аларга Сенин аяттарыңды окуп берүүчү, Китеп жана Даанышмандыкты үйрөтүүчү жана аларды (ширктен ж.б. күнөө иштерден) тазартуучу бир пайгамбар жибер! Албетте, Өзүң Жеңүүчү жана Даанышмансың!”[1]

2:130 «Ибрахимдин Дининен[1] наадан адамдар гана баш тартат. Биз Ибрахимди бул дүйнөдө (элдерге жолбашчы кылып) тандап алдык жана ал Акыретте да (жогорку даражалуу) салих адамдардан».

2:131 Эстегин, Раббиси ага “Мусулман бол!” (Өзүмө гана моюн сун!) дегенде, ал (ыклас жана сүйүү менен) “Ааламдардын Раббисине моюн сундум (мусулман болдум)” деди.[1]

2:132 Ибрахим өзүнүн балдарына ушул гана динди осуят кылып калтырган. Жана Яькуб дагы балдарына: “Оо, балдарым, Аллах силерге ушул динди тандады. Эми, силер (жалгыз Аллахтын Өзүнө) моюн сунган (мусулман) абалда гана өлгүлө” деп осуят кылган.

2:133 Силер, Яькубга[1] өлүм келген убакытта күбө болдуңар беле?! Ал балдарына[2] :“Менден кийин эмнеге сыйынасыңар?” дегенде, алар: “Сенин жана аталарың Исхак, Ысмайыл, Ибрахимдердин кудайы – жалгыз Кудайга (Аллахка) сыйынабыз. Жана биз Ага моюн сунуучубуз” дешкен.

2:134 Бул үммөттөр өтүп кетишти. Алар өз иштерине жооп берет, силер өз ишиңерге жооп бересиңер. Алар жасаган иштер үчүн силер суракка тартылбайсыңар.