Шамсуддин Хакимов — 2
2:1 Алиф, Лам, Мим. [1]
2:2 Бул китепте[1] эч күмөн жок. (Ал) такыбалар үчүн туура жол.
2:3 Алар кайыпка ишенишет, намазды толук аткарышат жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден сарпташат.
2:4 Дагы алар, (о, Мухаммад) сага түшүрүлгөнгө (Куран-Сүннөткө) жана сенден мурда түшүрүлгөнгө (Тоорат, Инжил, Забур китептерине) да ыйман келтиришет жана Акыретке анык (эч бир шектенбестен) ишенишет.
2:5 Ошол адамдар гана Раббиси тарабынан (келген) туура жолдо жана ошолор гана ийгиликке жетүүчүлөр.