>

Шамсуддин Хакимов — 195

9:48 Алар мындан мурун (Мединага хижрат кылганда) деле бузукулукту каалап, сенин алдыңда (көп) иштерди тескери жасашкан. Кийин акыйкат келип алар жаман көрсө да, Аллахтын дини (жеңип) чыккан.

9:49 Алардан бирөөсү “(О, Мухаммад) мага (калууга) уруксат бер, мени бузуп койбо” дейт.[1] Алар эчак эле бузулушкан! Албетте, тозок каапырларды ороп алуучу!

9:50 Эгер (бул согушта) сага жакшылык (жеңиш, олжолор) жетсе бул аларды капа кылат. Эгер бир кырсык жетсе “Биз алдын ала билип, сактанып калдык” деп, сүйүнгөн бойдон кетишет.

9:51 Айткын: “Бизге Аллах (эзелки тагдырда) жазгандан ашыкча кырсык жетпейт (эгер жазган болсо,) биздин башчыбыз Аллах! Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышсын”.

9:52 Айткын: “Бизге (кырсык жетишин) күтүп убара болбогула. Бизге эки жакшылыктан бири (же жеңиш, же бейиш) болушун гана күткүлө! А биз болсо, Аллах силерди Өз азабы менен же биздин колубуз менен балээге жолуктурушун күтөбүз. Күтө бергиле, биз да силер менен бирге күтөбүз.

9:53 Айткын: “(Эй, мунафыктар!) Өзүңөр каалап берсеңер да каалабай берсеңер да силердин (садакаңар) эч качан кабыл болбойт! Себеби, силер бузулган элсиңер!

9:54 Алардын садакаларынын кабыл болуусуна тоскоолдук кылган нерсе - Аллахка жана пайгамбарына ишенбегени, намазды жалкоолонуп окуганы жана (садаканы) оорунуп бергендери.