>

Шамсуддин Хакимов — 194

9:41 Жеңилдик мезгилде да, оорчулук мезгилде да (Аллахга тобокел кылып) чыга бергиле жана Аллахтын жолунда малыңар, жаныңар менен жихад кылгыла! Эгер билсеңер, бул өзүңөргө жакшы.

9:42 Эгер (О, Мухаммад, сен чакырган нерсе) дүйнөлүк пайда же жеңил сапар болсо, алар сени сөзсүз ээрчимек. Бирок, аларга аралык алыс болду. Жана алар Аллахка ант ичип: “Эгер мүмкүнчүлүгүбүз болгондо силер менен чыкмакпыз” деп, өздөрүн өлүмгө (тозокко) түртүшөт. Аллах алардын анык жалганчы экенин билет.[1]

9:43 Аллах сени кечирди. Эмне үчүн сен, өзүңө чын сүйлөгөн адамдар билингенге чейин жана жалганчыларды сынап билгениңе чейин аларга (согуштан калууларына) уруксат берип жибердиң?!

9:44 Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтиргендер малдары жана жандары менен жихад кылуудан (калуу үчүн) уруксат сурашпайт. Аллах такыбаа кишилерди Билүүчү.

9:45 Чынында, Аллахка, Акырет күнүнө ишенбеген жана жүрөктөрү күмөн санаган адамдар гана (жихаддан калууга) уруксат сурашат. Алар өз күмөндөрүндө олку-солку болуп тура беришет.

9:46 Эгер алар чыгууну (жүрөктөн) каалаганда согушка даярдык көрүп коюшат болчу. Бирок, алардын чыгышын Аллахтын Өзү каалабай, жалкоо кылып койду жана аларга: “Отуруучулар (аялдар, жаш балдар) менен (үйдө) отургула” - деп айтылды.

9:47 Эгер алар силер менен чыкканда, силердин кемчилдигиңерди көбөйтмөк жана араңарда бузукулукту каалап, аракет кылмак. Силердин ичиңерде аларды уга тургандар да табылат. Аллах залымдарды Билүүчү.