Шамсуддин Хакимов — 192
9:32 Алар (каапырлар) Аллахтын Нурун (Динин) ооздору менен үйлөп өчүрүүнү каалашат. Бирок, Аллах каапырлар жаман көрсө да, Өз Нурун (бүт дүйнөгө) толук таралуусунан башкасына ыраазы болбойт.
9:33 Ал (Аллах) Өз пайгамбарын, туура жол жана акыйкат дин менен – эгер мушриктер жаман көрүшсө да – бардык диндерден үстөм-жогору кылуу үчүн жиберген.
9:34 О, ыйман келтиргендер! (Уккула, силерге сабак болсун: Китеп элдеринин) көпчүлүк дин аалымдары менен кечилдери адамдардын дүйнө-мүлкүн арам жолдор менен жешет. Жана (ушул жоруктары менен) адамдарды Аллахтын жолунан тосушат. Ал эми, алтын-күмүштөрдү жыйнап, аларды Аллахтын жолуна иштетпегендерге жан ооруткан азаптын кабарын бергин.
9:35 Ал (Кыямат) Күндө аны (алтын-күмүш теңгелерди) тозок отуна кызытылып, алардын маңдайына, жамбаштарына аркаларына тамга басылат жана: “Бул өзүңөр үчүн жыйнаган (бирөөгө же динге пайдасы тийбеген) нерсеңер! Эми, жыйнаган нерсеңердин даамын таткыла ” (деп айтылат).
9:36 Чынында, айлардын санагы Аллахтын алдында, асмандар жана жерди жараткан күндөгү (тагдыр) Китеби боюнча он эки айдан турат. Алардан төртөө “Харам” айлары.[1] Бул акыйкат Дин (эрежелеринен). Бул айларда (согуш ачуу менен) өзүңөргө зулум кылып албагыла. Мушриктер (бул айлардын харамдыгына карабай) силердин бардыгыңарга каршы согушканы сыяктуу силер дагы алардын бардыгына каршы согуша бергиле.[2] Жана билип алгыла: Аллах такыба адамдар менен!