Шамсуддин Хакимов — 190
9:21 Раббиси аларды Өзүнүн ырайымы, ыраазычылыгы жана түгөнгүс нээматтар болгон бейиштер менен сүйүнтөт.
9:22 Алар анда түбөлүк калышат. Чынында Аллахтын алдында чоң сооптор бар!
9:23 О, ыйман келтиргендер! Эгер силердин атаңар, ага-иниңер ыймандан каапырчылыкты (көбүрөөк) сүйчү болсо, аларды (ким болушуна карабай) дос тутпагыла! Силердин араңардан кимде-ким аларды дос тутса, алар – анык залымдар!
9:24 Айт (о, Мухаммад): “Эгер силердин атаңар, бала-чакаңар, ага-иниңер, жуп-жубайыңар, тууган-уругуңар, тапкан мал-дүйнөңөр, жүрүшпөй калышынан корккон соодаңар жана өзүңөргө жаккан үй-жайыңар силерге Аллахтан, Анын пайгамбарынан жана Аллахтын жолунда жихад кылуудан да сүйүктүүрөөк болсо, анда Аллах (силерге) Өз ишин (азабын) алып келишин күтө бергиле! Аллах бузуку коомду туура жолго баштабайт![1]
9:25 Аллах силерге көп орундарда жана Хунейн (деген жердеги согуш) күнүндө да жардам берди: бир кезде силерди саныңардын көптүгү кубантып жиберди эле, кийин бул силерге эч кандай пайда бербей калды жана силер үчүн жер кенен болгонуна карабай тар көрүнүп, артыңарга качып калдыңар.[1]
9:26 Кийин Аллах пайгамбары менен ыймандууларга Өзүнүн тынчтык-бейпилдигин жана силер көрө албаган аскерлерин (периштелерин) түшүрүп, каапырларды (жеңилүү менен) азаптады. Каапырлардын жазасы – ушул!