Шамсуддин Хакимов — 189
9:14 Аларга каршы согушкула! Аллах силердин колуңар менен аларга азап берип, шерменде кылып, силерге жардам берет жана момундардын жүрөктөрүн(дөгү ызааны) айыктырат.
9:15 Жана жүрөктөрүнүн ачуусун кетирет (өч алуу көксөөсүн кандырат).[1] Жана Аллах алардан каалагандарынын тообосун кабыл алат. Аллах Билүүчү, Даанышман.
9:16 Же болбосо, (о, ыймандуу пенделер!) Аллах силердин араңардан жихад кылгандар менен Аллахтан, пайгамбарынан жана момундардан башкаларды дос тутпагандарды билип алмайынча (согуш менен сыналбай) жөн калабыз деп ойлойсуңарбы?! Аллах силердин бардык ишиңерден кабардар.
9:17 Өз каапырчылыктарына өздөрү күбө болуп турган абалда, мушриктер Аллахтын мечиттерин (ибадат менен) абат кылып жиберүүлөрү эч мүмкүн эмес! (Себеби) Алардын амал-ибадаттары (ширк кылганы себептүү) “күйүп” кеткен. Жана алар тозокто түбөлүк калуучулар!
9:18 Чынында, Аллахтын мечиттерин, Аллахка, Акырет күнүнө ишенген, намаз окуп, зекет берген жана Аллахтан башка эч кимден коркпогон адамдар (курушат жана) абат кылышат. Дал ушул адамдар туура жол табуучулардан болсо ажеп эмес!
9:19 Эмне, силер ажыларды сугаруу менен Масжид аль-Харамды оңдоону, Аллахка, Акырет күнүнө ишенген жана Аллах жолунда жихад кылган момундарга (алардын ыйманына) теңеп жатасыңарбы? Алар Аллахтын назарында (ыйман менен жихадка чыккандарга эч качан) тең боло алышпайт! Аллах залым коомду туура жолго баштабайт![1]
9:20 Ыйман келтирген, хижрат кылган жана Аллахтын жолунда мал-жандарын аябай жихад кылган адамдардын даражасы Аллахтын алдында көп эсе жогору. Ушулар гана жеңишке жетүүчүлөр!