Шамсуддин Хакимов — 188
9:7 (Ал эми, убадасын сактабаган) мушриктерге кантип, Аллах жана Анын пайгамбары тарабынан убада болсун?! Эми, Масжид аль-Харамдын астында убадалашкан кишилер үчүн гана (ошол Ыйык Үйдүн урматына убадаңарды сактагыла) Качан силер үчүн (берген келишиминде) түз турушса, силер дагы түз тургула. Албетте, Аллах (Өзүнөн) корккон (такыба) адамдарды сүйөт!
9:8 Кантип (алар үчүн убада сактоо болсун?!) Чынында, алар эгер силерден үстөм-жогору болушса, силер жөнүндөгү (өз моюндарына алган) убадага да, милдентенмеге да карашпайт. Ооздору менен силерди ыраазы кылса да, (берген анттарына) жүрөктөрү көнбөй турат. Жана алардын көпчүлүгү бузукулар!
9:9 Аз гана (дүйнөлүк) баага Аллахтын аяттарын сатып жиберишет жана (адамдарды) Аллахтын жолунан тосушат. Алардын жоруктары кандай жаман!
9:10 Момун жөнүндөгү (өз мойнундагы) келишимге да милдеттенмеге да карашпайт. Жана алар ашынып, чектен чыккан адамдар!
9:11 Эгер тооба кылып, намаз окуп, зекетти берип калышса, анда алар – диндеш бир тууганыңар. Биз Өз аяттарыбызды билген коом үчүн (ушинтип) ачык-айкын баяндайбыз.
9:12 Жана эгер келишимге кол койгондорунан кийин ант-убадаларын бузушса жана силердин диниңерди айыпташса, (аларды ушуга үйрөткөн) каапырлардын башчыларына каршы согушкула! Чынында аларда, ант (сактоо) деген болбойт. Кана эми, алар (кыянаттарынан) токтошсо!
9:13 (О, ыймандуулар!) Өздөрү биринчи баштап, ант-убадаларын бузган жана пайгамбарды (журтунан) чыгарууга жан үрөп аракеттенген адамдарга каршы согушпайсыңарбы? Эмне, алардан коркосуңарбы?! Эгер ыймандуу болсоңор, коркушуңарга Аллах көбүрөөк акылуу эмеспи?!