Шамсуддин Хакимов — 185
8:62 Эгерде сени алдоону каалашса, сага Аллах жетиштүү: Ал сени Өзүнүн (асмандан келген) жардамы жана ыймандуулар менен колдогон.
8:63 Жана (көбүрөөк кубаттуу болуш үчүн) алардын жүрөктөрүн (өз ара) үлпөт-дос кылып койду. Эгер сен жер бетиндеги бардык байлыкты сарп кылсаң да, алардын жүрөктөрүн дос кыла албайт элең. Бирок, аларды Аллах дос кылды. Чынында, Аллах – Кудуреттүү, Даанышман!
8:64 Оо, Пайгамбар! Сага жана сени ээрчиген ыймандууларга Аллах жетиштүү.
8:65 Оо, пайгамбар! Ыймандууларды согушка кайраттандыр! (О, ыймандуулар!) Эгер силерден жыйырма гана сабырдуу эр жүрөктөр болсо, (душмандан) эки жүздү, ал эми, силерден жүз болсо, каапырлардан миңди жеңе алат. Мунун себеби, алар түшүнбөгөн адамдар.
8:66 Эми, Аллах силерден (милдетиңерди) жеңилдетти. Жана силерде (он эсе, жыйырма эсе көп душманга тең келе албай турган) алсыздык бар экенин билди. Эми, силерден жүз сабырдуу болсо эки жүздү жеңет, эгер силерден миң болсо, Аллахтын уруксаты менен, эки миңди жеңет,[1] Аллах сабырдуулар менен!
8:67 Качан жер бетинде (Исламга өчөшкөндөр калбай, толук) жеңүүчү болмоюнча эч бир пайгамбардын алдында туткундар(дын) болуусу мүмкүн эмес болчу. Силер дүйнө пайдасын каалайсыңар, Аллах болсо, Акыретти каалайт. Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.[1]
8:68 Эгерде, Аллахтын тагдырында (“Ислам үммөтүнөн азап көтөрүлгөн” деп) жазылып коюлбаганда алган кун акыңардын жазасына силерди чоң азап кармайт эле.[1]
8:69 Эми, олжо кылып алган нерсеңерден адал-таза билип жей бергиле.[1] Аллахтан корккула! Чынында, Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.