>

Шамсуддин Хакимов — 184

8:53 Бул (азаптар) Аллах эч бир коомго берген жакшылыктарын, качан алар өз жүрөктөрүндө болгон нерсени (ыйманды каапырчылыкка) өзгөртмөйүнчө өзгөртпөөсү себептүү болууда. Чынында Аллах Угуучу, Билүүчү.

8:54 (Дагы алардын иштери) Фараон адамдарынын жана алардан мурункулардын иштерине окшош: Раббисинин аяттарын “жалган” дешти эле, күнөөлөрү себептүү өлүм берип, Фараон адамдарын (деңизге) чөктүрүп жибердик. (Аллах жазалагандардын) баары (өздөрүнө) зулум кылуучулар болду.

8:55 Чынында, Аллахтын назарында кыбыраган жандыктын эң жаманы – каапырлар. Себеби, алар ыйман келтиришпеди.

8:56 Сен алар менен убадалаштың эле, кийин, ар бир жолку убадалашууда кыянат кылышты. Алар такыбасы жок адамдар.

8:57 Эгер аларды согушта тапсаң сазайын берүү менен, артындагыларга сес көргөзүп кой. Эстеринен чыгарбай жүрүшөөр!

8:58 Эгер (сени менен согушпастык келишимин түзгөн) бир коомдун кыянат кылуусунан корксоң, убада-келишимдерин таштап сал! (Убада бузулганын силер да, алар да) барабар (билип жүргүлө). Чынында, Аллах кыянатчыларды сүйбөйт!

8:59 Каапыр адамдар (“Эми бизге Аллахтын азабы келишинен) өтүп кеттик” – деп ойлошпосун. Алар (эч качан Аллахты) алсыз калтыра алышпайт.

8:60 (О, мусулмандар!) Аларга (душманыңарга каршы) колуңардан келген бардык күч-кубатты: жабдыкталган аттарды даярдап койгула! Аны менен Аллахтын жана өзүңөрдүн душманыңарга жана да (ким экенин) Аллах гана билип, силер билбеген башка адамдарга айбат-сүр көргөзөсүңөр. Аллахтын жолунда (жихад үчүн) эмнени сарп кылсаңар (Кыяматта) өзүңөргө зулум кылынбаган абалда толугу менен кайтарылат.

8:61 Эгер алар (душмандар) тынчтыкка ыктаса, сен да тынчтыкка умтул жана Аллахка тобокел кыл. Аныгында, Ал – Угуучу, Билүүчү.