Шамсуддин Хакимов — 183
8:46 Аллах менен (Анын) пайгамбарына моюн сунгула, (эч качан) талашып-тартышпагыла! Антсеңер, алсыз болуп, кайратыңар жоголот. Сабыр кылгыла! Аллах сабырдуулар менен!
8:47 Мекендеринен (Меккеден) текеберленип, адамдардын көзүнө шаан-шөкөттөнүп жана Аллахтын жолунан (адамдарды) тосуу максатында (согушка) чыккандар сыяктуу болбогула! Аллах алардын бардык иштерин камтып алуучу.
8:48 Бир кезде шайтан аларга амалдарын кооз көрсөтүп: “Силерди бүгүн адам затынан эч ким жеңе албайт (саныңар да, даярдыгыңар да мусулмандардыкынан көп) Силерди өзүм кепилдигиме аламын (эч коркпогула)” - деди.[1] Ал эми, эки жамаат (согуш майданында) жолукканда (шайтан): «Менин силер менен ишим жок, (анткени,) мен силер көрбөгөн нерсени көрүп калдым. Мен Аллахтан коркомун! Аллахтын азабы катуу» деп, аркасына качып жөнөдү.[2]
8:49 Ошондо (мусулмандардын арасындагы) мунафыктар менен жүрөктөрүндө шек-күмөн болгон (ыйманы күчсүз) адамдар: “Буларды дини оолуктуруп жиберди” - дешти. Ким Аллахка тобокел кылса, Аллах Кудуреттүү (жана өз ишинде) Даанышман.[1]
8:50 (О, Мухаммад) Эгер сен, периштелер каапырларга: “Тозок азабын таткыла! - деп, беттерине, көчүктөрүнө чаап, өлтүрүп жатканын көрсөң эле!
8:51 Бул (азап) өз колуңар менен жасаган ишиңер себептүү. Аллах пенделерге залым эмес.
8:52 (Алардын абалы) Фараондун адамдарынын жана алардан мурунку каапырлардын абалына окшош: Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, Аллах аларды күнөөлөрү себептүү азапка салды. Чынында, Аллах – Кубаттуу жана азабы катуу.