>

Шамсуддин Хакимов — 181

8:34 (Бирок,) Алар (мусулмандарды) Масжид ал-Харамдан тосуп жатса Аллах аларды азаптабай коймок беле?! Алар Аллахтын олуялары эмес! Анын олуялары такыба адамдар. Бирок, көбү (муну) билишпейт.

8:35 Алардын “Байтуллах” (Ал-Харам) алдындагы “намаздары” ышкырык жана кол чабуудан башка эмес эле! Эми, (эй, мушриктер!) каапыр болгонуңарга жараша азапты(н даамын) таткыла!

8:36 Каапырлар (адамдарды) Аллахтын жолунан тосуу үчүн мал-дүйнөлөрүн жумшашат. Дагы эле жумшай беришет, бирок кийин (бул иштери) өз баштарына өкүнүч болот. Кийин… жеңилишет! Каапырлар (Акыретте) тозокко чогултулат,

8:37 Аллах ыпыластарды таза-аруулардан ажыратып алып, бири-бирине кабаттап, жыйнап, бардыгын тозокко салуусу үчүн. Ошолор анык зыян тартуучулар!

8:38 (О, Мухаммад), каапырларга айт: Эгер (душмандыгын) токтотушса, өткөн күнөөлөрү кечирилет. Эгер улантышса, (билип коюшсун:) мурункулардын жолу өткөн![1]

8:39 (Оо, ыймандуулар) каапырларга каршы,(жер бетинде) фитна (ширк, исламга тоскоолдук) калбай калганга чейин жана дин-өкүмдүн бардыгы Аллахка таандык болгонго чейин согуша бергиле. Эгер токтотушса, Аллах жасаган иштерин Көрүүчү.

8:40 А, эгер (Аллахка моюн сунуудан) жүз бурушса, билгиле, силердин башчыңар – Аллах! Ал мыкты Башчы жана мыкты Жардамчы!