>

Шамсуддин Хакимов — 180

8:26 (О, ыймандуулар!) Эстегиле, бир кезде силер аз, жер бетинде алсыз-байкуш жана адамдар силерди басып-тоноп кетишинен корккон абалда элеңер. Кийин Аллах силерге (Мединадан) орун-очок берип, Өз жардамы менен колдоп, силерге таза нерселерди ырыскы кылып берди.(Ушуларга) шүгүр кылсаңар кана!

8:27 О, ыйман келтиргендер! Аллахка, Анын пайгамбарына жана силерге ишенип тапшырылган аманаттарга билип туруп кыянат кылбагыла![1]

8:28 Билип койгула, чынында силердин мал-дүйнөңөр жана бала-чакаңар – бул сыноо (гана). Акыйкатта, Аллахтын алдында Улук сооп бар.

8:29 О, ыйман келтиргендер! Эгер Аллахтан корксоңор силерге жакшылык менен жамандыкты ажырата турган илим берет, (кичинекей) күнөөңөрдү өчүрөт, жана (чоң) күнөөңөрдү кечирет. Аллах – Улук артыкчылык ээси.

8:30 (О, Мухаммад) эстегин, каапырлар (бир кезде) сени (журтуңда) калтырууга, же өлтүрүүгө, же болбосо, сүргүн кылууга айла издешкен. Алар айлакерлик кылышат, Аллах да айлакерлик кылат. Аллах айлакерлердин мыктысы.[1]

8:31 Эгер аларга Биздин аяттарыбыз окулса: “Биз укканбыз. Эгер кааласак буга окшогонду биз деле айта алабыз. Бул байыркылардын жомокторунан башка нерсе эмес” дешет.[1]

8:32 Бир кезде алар: “Оо, Аллах! Эгер мына бул (Мухаммад айтып жаткан сөздөр) Сенин алдыңдан келген Акыйкат (экени чын) болсо, асмандан үстүбүзгө таш жаадыр же бизге жан ооруткан азап жибер!” – дешти.

8:33 (О, Мухаммад,) Сен алардын арасында экениңде, Аллах аларды азаптабайт. Алар (тообо кылып) күнөөлөрүнө (Аллахтан) кечирим сурашса да Аллах аларды азаптабайт.