>

Шамсуддин Хакимов — 18

2:113 Яхудилер: “Христиандар чындыктын үстүндө эмес” дешет. Христиандар болсо “Яхудилер чындыктын үстүндө эмес” дешет. Дагы алар Китеп (Тоорат жана Инжил) окушат! (Китеп окууну) билбей турган адамдар (мушриктер) да ошолордун сөзүндөй сөз сүйлөшөт. Кыяматта алардын талашкан маселелери жөнүндө Аллах (Өзү гана) өкүм кылат.

2:114 Анын ичинде Өз(үнүн улуу) ысымы зикир кылына турган Аллахтын мечиттеринен тыйган жана аларды бузуп-талкалоого аракет кылган адамдардан өткөн заалым (каапыр) барбы?![1] Алар мечиттерге Аллахтан корккон абалда гана кирүүгө мүмкүн. Алар үчүн бул дүйнөдө шерменделик, акыретте чоң азап бар.

2:115 Чыгыш дагы, Батыш дагы Аллахка таандык. Кай тарапка жүз бурсаңар, Аллахтын Жүзү (кыбыласы) ошол жакта. Албетте, Аллах (тааланын пазилети) Кенен (жана Ал бардыгын) Билүүчү.[1]

2:116 (Яхудилер, христиандар жана мушриктер) “Аллахтын баласы бар” - дешет. Аллах (алар сыпаттаган кемчиликтерден) Таза. Тескерисинче, Жер жана асмандардагы бардык нерселер Аныкы (жана) бардыгы Ага моюн сунат.

2:117 Аллах асмандар жана жердин Жаратуучусу. Эгер бир ишти өкүм кылса, ага “бол!” дейт жана ал иш (ошол замат) болот.

2:118 Наадан адамдар (Мекке мушриктери) “Кана эми, Аллах бизге сүйлөсө же бизге (Аллахтан) аян-белгилер келсе!” - дешет. Алардан мурункулар да ушулардын сөзүнө окшогон сөздөрдү айтышкан. Бардыгынын жүрөгү окшош. Биз далилдерди анык ишенгендерге баяндадык.

2:119 (Оо, Мухаммад!) Биз сени чындык менен (өзүңө ээрчигендерге бейиштен) куш кабар айтуучу жана (сага каршы чыккандарга тозок жөнүндө) коркунучтуу кабар жеткирүүчү кылып жибердик. Сен тозокко түшүүчүлөр үчүн жоопкер эмессиң.[1]