>

Шамсуддин Хакимов — 179

8:17 (О, ыймандуулар!) Аларды силер өлтүрбөдүңөр бирок, Аллах өлтүрдү. (О, Мухаммад) атканда сен атканың жок, Аллах атты. Өзү тарабынан момундарга жакшы сыноо болсун үчүн (ушинтти).[1] Чынында - Аллах Угуучу, Билүүчү.

8:18 Ушул жеңишиңер (Аллахтан). Аллах акыйкатта, каапырлардын амалдарын алсыратуучу.

8:19 (Эй, мушриктер!) Эгер Аллахтан («качан азап түшүрөт» деп) сурасаңар, мына, силерге (каршы) жеңиш келди. Эгер (туура жолго тоскоол болуудан) токтолсоңор бул силерге жакшы. Эгер (согушка) кайтсаңар, биз дагы кайтабыз. Анда жамаатыңар канчалык көп болсо да, силерге эч жардам бере албайт. Чынында, Аллах ыймандуулар менен бирге!

8:20 О, ыйман келтиргендер! Аллахка жана пайгамбарына моюн сунгула жана (Курандагы “моюн сунгула” деген буйрукту) угуп туруп андан жүз бурбагыла.

8:21 Укпай туруп “уктук” деген адамдардан[1] болбогула!

8:22 Аллахтын назарында айбандардан да эң жаманы (чындыкты) укпаган, (акыйкатты) сүйлөбөгөн акылсыздар.

8:23 Эгер Аллах алардан бир жакшылык болоорун билгенде (акыйкатты) уга турган кылып коймок. Эгер уга турган кылып койсо деле, (акыйкаттан) жүз буруп кетмек.

8:24 О, ыйман келтирген пенделер! Силерге жашоо бере турган нерсеге (ибадатка) чакырганда, Аллах менен пайгамбарына (дароо) жооп бергиле! Билип койгула, Аллах адам менен (анын) жүрөгүнүн арасын тосуп койот.[1] Чынында, бардыгыңар Анын Өзүнө чогуласыңар.

8:25 Жана силердин араңардагы залым (күнөө) кылгандардын өзүнө гана тийбей (барыңарга тегиз тие) турган азаптан[1] корккула! Аллахтын азабы катуу!