>

Шамсуддин Хакимов — 177

8:1 (О, Мухаммад!) Сенден олжолор жөнүндө сурашат. Айткын: Олжолор Аллах жана анын пайгамбарына тиешелүү. Эми, Аллахтан коркуп, өз ара мамилеңерди оңдоп, эгер ыймандуу болсоңор, Аллахка жана Анын пайгамбарына моюн сунгула.

8:2 Чынында, ыймандуу адамдарга Аллах эскертилгенде, жүрөктөрү коркууга түшүп, аяттары окулганда ал аяттар алардын ыйманын көбөйтөт[1] жана алар Раббисине гана тобокел кылышат.

8:3 (Дагы) алар намаздарын кемчиликсиз окушуп, Биз ырыскы кылып берген нерселерден садага кылышат.

8:4 Ошолор гана чыныгы ыймандуулар! Аларга Раббисинин алдында (бейиште, бийик) даражалар, кечирим жана көп ырыскылар бар.

8:5 Ошол сыяктуу Раббиң сени акыйкат менен үйүңдөн (согушка) чыгарганда, ыймандуулардан кээ бирөөлөрү муну жактырбай турушту.[1]

8:6 (Аллахтын өкүмү) Анык болгондон кийин деле, алар өлүмгө айдалып баратканын карап тургансып, сени менен талашып жатышат!

8:7 Аллах силерге эки тайпанын бирөөсүн[1] (олжо) болуусун убада кылды эле, силер курал-жарагы жогунун өзүңөр үчүн болушун кааладыңар. Аллах болсо, (силер каалагандан башканы:) Өзүнүн (өкүм) сөздөрү менен акыйкатты орундатууну жана каапырлардын “артын кыркып коюуну” каалады.[2]

8:8 Күнөөкөр-мушриктер жаман көрсө да, (Аллах) жалганды жоюп, акыйкатты орнотуу үчүн (ушундай болуусун каалады).