>

Шамсуддин Хакимов — 176

7:196 (Анткени,) Менин коргоочум – Аллах! Ал (мага асмандан) Китепти түшүргөн. Ал салих адамдарга жардам берет.

7:197 Аллахтан башка силер дуба кыла турган “кудайлар” силерге да, өздөрүнө да жардам бере албайт.

7:198 Эгер аларды туура жолго чакырсаңар – укпайт. Карасаң, сага «карап» эле турушат, бирок көрүшпөйт.

7:199 (О, Мухаммад!) Кечиримдүү бол жана (адамдарды эң жакшы) касиеттерге буюр жана наадандардан ыраак бол!

7:200 Качан сени шайтандын азгырыгы жолдон чыгара баштаса, Аллахтан коргоо сура! Чынында Ал Угуучу, Билүүчү!

7:201 Чынында, такыба адамдарды шайтан азгырыгы кармаганда (ошол замат) Аллахты эстешип (туура жолду) көрө башташат.

7:202 Ал эми, алардын (шайтандардын) достору болсо, адашуучулукта аларга (шайтандар) жардамчы болушуп, (күнөөлөрүн) эч токтотушпайт.

7:203 Сен (алар сураган) далил-мужизаны келтирбегенде “Өзүң эле жасап койбойсуңбу?” дешти. Айткын: “Мен Раббим тарабынан аян-кабар кылынган нерселерди гана ээрчийм. Бул (Куран) Раббиңер тарабынан келген (бардык жакшылыктарды көргөзүүчү) жышаан-белгилер жана ыймандуулар үчүн туура жол, ырайым!

7:204 (О, адамдар!) Куран окулганда, ага кулак салгыла жана сүкүт чалып тургула! Аллахтын ырайымына бөлөнсөңөр ажеп эмес!

7:205 (О, Мухаммад!) Раббиңди эртели-кеч өзүңчө (ыклас менен), жалбарып, коркуп жана ашкере кыйкырбай зикир кылгын жана (Аллахты) унутуп коюучулардан болбогун.

7:206 Чынында, Раббиңдин алдындагылар (периштелер) деле Ага ибадат кылуудан текеберленишпейт, Аны даңазалашат жана Ага сажда кылышат.[1]