>

Шамсуддин Хакимов — 174

7:179 Чынында, Биз адамзат менен жиндердин көпчүлүгүн тозок үчүн жараттык. (Анткени,) алардын жүрөктөрү бар, бирок аны менен сезбейт, көздөрү бар бирок, көргүсү келбейт, кулактары бар бирок, угушпайт. Алар айбандар сыяктуу. Жок! Андан да төмөн! Алар – (эч нерсени) туйбаган адамдар!

7:180 Аллахтын эң сонун ысымдары бар. Ага ошолор менен дуба кылгыла! Аллахтын ысымдарында (бузуктукка) оогон адамдарды таштагыла! Алар тез арада кылмышына жараша жазаланышат.

7:181 Биз жараткан элдердин арасында акыйкат менен туура жолго баштай турган жана акыйкаттык менен адилеттик орното турган адамдар да бар.

7:182 Биздин аяттарыбызды “жалган” дегендерди өздөрү билбей-сезбей кала турган кейипте, «истидраж» кылабыз.[1]

7:183 Аларга мөөнөт берилет. Чынында Менин айлакерлигим бекем.

7:184 Алар дайым бирге жүргөн киши (Мухаммад) жинди эмес экенин ойлонушпайбы?! Ал (Раббиси тарабынан жиберилген) анык эскертүүчүдөн башка эмес.[1]

7:185 «Алар асмандар жана жер мүлк(төр)ү жөнүндө, Аллах жараткан нерселер жөнүндө жана өздөрүнүн ажал-мөөнөттөрү жакындап калганы жөнүндө ойлонушпайбы?! Андан (Курандан) кийин алар дагы кандай сөзгө ишенишет болду экен?!»

7:186 Аллах кимди адаштырып койсо, ага эч бир жол баштоочу жок! Аллах аларды дендароо болгон абалда өз адашуучулуктарына таштап коёт!

7:187 Алар сенден Кыямат жөнүндө: анын качан болору жөнүндө сурашат. Айткын: “Мунун илими Раббимдин гана алдында. Анын убактысын Өзү гана билдирет. Ал (Кыямат) асмандар жана жер (жашоочулары) үчүн оор машакаттуу иш. Ал силерге капыстан келет. Сен анык биле тургансып, сенден сурашат. Айткын: «Анын илими Раббимдин гана алдында. Бирок, көп адамдар муну билишпейт».