Шамсуддин Хакимов — 173
7:171 Эстегин, Биз алардын үстүнө («Тур» деп аталган) тоону чатыр сыяктуу көтөрүп, алар “мына эми, үстүбүзгө кулап түшөт” деп ойлоп калганда: “Биз силерге берген шарият өкүмдөрүн бекем кармагыла жана такыба болууну үмүт кылсаңар, анын ичиндегилерди унутпай жүргүлө!” (дедик).
7:172 Жана эстегин, Сенин Раббиң адамзаттын (Адам-Атанын) белинен анын урпактарын чыгарды жана аларды өздөрүнө күбө кылып: “Мен силердин Раббиңер эмесминби?” дегенде алар “Ооба күбө болдук”-дешти. (Оо, Адам урпактары!) Силер Кыямат Күндө (жалгыз Раббиңе сыйындыңбы?” деп суралганыңарда) “Биз мындан кабарсыз элек” дей албай калууңар үчүн (Биз ушул күбөлүгүңөрдү алганбыз).
7:173 Же болбосо “Мурун ата-бабаларыбыз мушрик болгон экен, биз ошолордон кийинки урпактарбыз. (Оо, Аллах) Сен бизди адашкан ата-бабалар жасаган иш себептүү өлтүрөйүн (тозоко таштайын) деп жатасыңбы” (дей албай калышыңар үчүн Биз ушул күбөлүгүңөрдү алганбыз).
7:174 Биз алардын (таза табиятына жана ыйманга) кайтуусу үчүн аяттарыбызды ушундай анык баян кылуудабыз.
7:175 (Оо, Мухаммад!) Аларга (Исраил урпактарына) далилдерибизди берген (аалым) кишинин кабарын айтып бер: ал (өзү билген) далилдерди (амал кылбай) таштап койду эле, шайтан ээрчитип кетти жана адашуучулардан болуп калды.
7:176 Эгер Биз кааласак, далилдер (илим) себептүү анын даражасын көтөрүп коймокбуз. Бирок, ал жерге (жер мүлкүнө) жабышып алып, напси каалоолоруна ээрчип кетти. Анын (ач көздүгүнүн) мисалы бир итке окшойт: аны айдасаң да, жөн койсоң да тилин салаңдатып тура берет. Бул Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган («аалым») адамдардын мисалы. (О, Мухаммад!) аларга (ушул сыяктуу) тамсил-икаяларды айтып бер. (Чындык жөнүндө) пикир кылышса ажеп эмес.
7:177 Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарып, өздөрүнө зулум кылган адамдардын мисалы кандай жаман!
7:178 Аллах кимди туура жолго баштаса, демек ал туура жол табуучу. Ал эми, кимди адаштырса, ошолор гана зыян тартуучулар!