>

Шамсуддин Хакимов — 170

7:156 Бизге ушул дүйнөдө жана Акыретте жакшылыктарды насип кыл! Биз (күнөөбүздү моюнга алып) Өзүңө кайттык. (Аллах) айтты: “Азабымды Өзүм каалагандарга жеткиремин жана ырайымым бардык (жандуу-жансыз, күнөөсүз-күнөөлүү) нерселерди ороп-камтып алат. Мен ал ырайымды (Аллахтан) корккон, зекетти берген жана Биздин аяттарыбызга ыйман келтирген адамдарга гана насип кыламын.

7:157 «Ал адамдар (өз убактысында) сабатсыз (жаза жана окуй албаган, эч кимден сабак окубаган, бардык илими Аллахтан келген) элчи-пайгамбарды ээрчишет. Ал ушундай пайгамбар: (жөөттөр менен христиандар) аны өздөрүнүн Тоорат, Инжилдеринде (аты) жазылуу экенин табышат. Ал аларды (өзүнө ээрчигендерди) жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарат. Аларга таза нерселерди адал, ыпылас нерселерди арам кылып, үстүнөн кыйынчылыктарын, оор ибадаттарын алып таштайт. Эми, ошол пайгамбарга ыйман келтирип, аны урматтап, ага түшүрүлгөн нурду ээрчиген адамдар, ошолор гана (тозоктон) кутулуучулар!»[1]

7:158 Айт: “О, адамдар! Мен силердин баарыңарга жиберилген Аллахтын элчиси боломун! (Аллах) ушундай: Асмандар жана жер мүлкү Аныкы. Андан башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал өлтүрөт жана тирилтет. Эми, Аллахка жана Анын эч кимден сабак албаган, элчи пайгамбарына ыйман келтиргиле! Ал пайгамбар (дагы) Аллахка, Анын сөздөрүнө ыйман келтирет. Туура жолго түшүүгө үмүтүңөр болсо, ошону гана ээрчигиле.

7:159 Мусанын коомунун арасында акыйкатка баштай турган, акыйкат менен адилеттүүлүк кыла турган жамаат дагы бар.