Шамсуддин Хакимов — 17
2:106 Эгер Биз (Курандан) бир аятты “насх” кылсак (өкүмүн жойсок) же аны (пенделерге) унуттурсак (анын ордуна) андан да жакшыраагын же болбосо ошого окшогонун келтиребиз. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү экенин билбедиңби?
2:107 Асмандар жана жер өкүмдарлыгы (жалгыз) Аллахка таандык экенин жана силерге Аллахтан башка эч бир кожоюн, эч бир жардамчы жок экенин билбейсиңби?!
2:108 Же болбосо (оо, ыймандуулар), пайгамбарыңарга, мурун Мусага (яхудилер тарабынан каяша) суроо берилгени сыяктуу суроо узатууну каалайсыңарбы?![1] Ким ыйманды каапырчылыкка алмаштырса, туура жолдон адашканы ошол.
2:109 Китеп ээлеринен көпчүлүгү, аларга чындык анык билинип калгандан кийин деле, көралбастыктарынан улам, силерди момун болгонуңардан соң каапырчылыкка кайтарууну абдан каалашат. Бирок, силер Аллахтын өкүмү келгиче аларды кечирип, көтөрүмдүү болуп тургула. Албетте, Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.
2:110 Намазды толук аткаргыла, зекетти бергиле. Өзүңөр үчүн эмне жакшылык жасасаңар, аны Аллахтын алдында (сооп иретинде) табасыңар. Албетте, Аллах силердин бардык ишиңерди Көрүүчү.
2:111 (Китеп ээлери) “Бейишке яхудилер же христиандар гана кирет” дешти. Бул алардын кыялдарынан башка эмес. Сен (оо, Мухаммад, аларга) айт: “Эгер сөзүңөр чын болсо, анда далилиңерди алып келгиле!”
2:112 Андай эмес! Кимде-ким жакшылык жасаган[1] абалда Аллахка жүзүн (өзүн) толук багынтып, иштерин Аллах үчүн калыс кылса, ал үчүн Раббисинин алдында сообу (бейиши) даяр. Аларга эч коркунуч болбойт жана эч кайгы-капага батышпайт.