>

Шамсуддин Хакимов — 168

7:144 (Аллах): “О, Муса! Чынында, Мен сени адамдардан жогору (баалап) Өзүмдүн пайгамбарлыгыма жана (ортомчусуз сүйлөгөн) Сөзүм үчүн тандап алдым. Эми, Мен сага берген Дин-Шариятты кабыл алып, (бул жакшылык үчүн) шүгүр кылуучулардан болгун!” - деди.

7:145 Анан Биз ал (Муса) үчүн тактайларга (адамдар муктаж болгон) бардык нерселерди, насаат сөздөрдү жана ар бир нерсенин баян-эрежелерин жазып бердик. Жана “Буларды бекем кармап, коомуңа буюр; андагы шариятка амал кылышсын!” (дедик). Эми, Мен силерге бузуку(лук кылып, Аллахтын балээ-азабына кабылган) адамдардын мекенин көргөзөмүн.

7:146 Мен жерде акыйкатсыздык менен текеберленип жүргөн адамдарды (кудуретиме белги болгон) аяндардан (сабак ала албай турган кылып) буруп коёмун. Кийин алар канча далил-мужиза көрсө да, ага ыйман келтиришпейт. Туура жолду көрсө, аны карманышпайт. Эгер адашуучулук жолун көрсө, ошону гана жол кылып алышат. Буга себеп; алар Биздин далилдерди “жалган” дешти жана ага көңүл бурбай коюшту.

7:147 Биздин аяттарыбызды жана Акыреттик жолугушууну “жалган” деген адамдардын жасаган (жакшы) иштери текке кетет. Алар жасаган иштерине жараша “сыйланышат”.

7:148 Мусанын коому ал кеткенден кийин өздөрүнүн (алтын) жасалгаларынан (Самири деген бузуку адам жасап берген жана мөөрөгөн) добуш чыгара турган музоонун сөлөкөтүн (кудай кылып) алышты. Алар анын өздөрүнө сүйлөй албасын, (туура) жолго баштай албасын билишпейби?! (Ошого карабай) аны кудай тутушуп, залым (каапыр) болуп калышты!

7:149 Качан гана (Муса келип, аларга чындыкты түшүндүргөн соң) бушайман болушуп, өздөрүнүн адашканын билишкенде: “Эгер Раббибиз бизге ырайым кылып, кечирбесе, сөзсүз зыян көрүүчүлөрдөн болуп калабыз!” - дешти.