Шамсуддин Хакимов — 166
7:131 Кийин, качан аларга жакшы турмуш келсе, (Аллахка шүгүр кылбай): “Биз ушуга татыктуубуз”- дешти. А, эгер каатчылык болсо Муса жана аны менен бирге жүргөндөрдөн деп жоромолдошту. Уккула, алардын жоромолдору Аллахтын (тагдырынын) алдында. Бирок, алардын көбү (муну) билишпейт.
7:132 Алар (каапырлар Мусага): “Сен бизди сыйкырлоо үчүн канча далил-мужиза көргөзбөгүн, баары бир сага ыйман келтирбейбиз” – дешти.
7:133 Анан, Биз аларга (жаза иретинде) топон суу (балээсин), чегиртке (балээсин), бит (балээсин), бака (балээсин,) жана кан балээсин (Өз кудуретибизге) анык далил кылып жибердик. (Бирок, алар) текеберликтеринен жазбады. (Анткени,) алар кылмышкер коом болчу.
7:134 Аларга балээ-кырсыктар (удаама-удаа) келгенде Мусага (жалынып): “Оо, Муса, Аллах сага берген нерсенин (Шарияттын) урматына, биз үчүн Раббиңе дуба кыл. Эгер (дубаң менен) бизден балээни арылтсаң, сага сөзсүз ыйман келтиребиз жана Исраил урпактарын да сага кошуп (журтуна) жиберебиз” - дешти.
7:135 Ал эми, өздөрү жетип барган мөөнөткө чейин, алардан ыпылас балээни арылтарыбыз менен, дароо убадаларын бузушту.
7:136 Анан Биз, аяттарыбызды “жалган” деп, (билип турса да) билмексен болгондору себептүү алардан өч алып, деңизге чөктүрүп жибердик!
7:137 Биз алсыз-бечара коомго (Исраил урпактарына), Өзүбүз берекелүү кылган (Мисирдеги) жердин чыгыш жана батыш тарабын (Фараон коомунан) мурас кылып бердик. Ошентип, Раббиңдин Исраил урпактарына айткан жакшы сөзү,[1] сабыр кылганы себептүү толугу менен аткарылды. Биз Фараон менен анын коомунун жасагандарын жана бийик-бийик курган сарайларын талкаладык!