>

Шамсуддин Хакимов — 165

7:121 “Биз ааламдардын Раббисине ыйман келтирдик!" - дешти.

7:122 Муса жана Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)”

7:123 Фараон айтты: “Мен силерге уруксат бербесем да, ага ыйман келтирдиңерби?! Чынында бул силердин (Муса менен бир болуп алып) шаар элин чыгарып кетүүңөр үчүн (ушул) шаарда эле ойлоп тапкан айлакерлигиңер! (Шашпай тургула!) Жакында билип аласыңар!

7:124 Мен силердин колу-бутуңарды каршы-терши кесип, анан баарыңарды асып өлтүрөмүн!”

7:125 (Сыйкырчылар) айтышты: “(Билгениңди кыл!) Биз Раббибизге кайтуучу болдук!

7:126 Сен бизден, Раббибиздин далил-мужизалары келген учурда (ошого) ыйман келтиргенибиз үчүн гана өч алып жатасың!” (Андан соң мусулман болгон сыйкырчылар Раббисине дуба кыла башташты:) “О, Раббибиз! Бизге (түгөнгүс) сабыр жаадыргын жана биздин жаныбызды мусулман абал(ыбыз)да алгын!

7:127 Фараондун коомунан болгон (каапыр) адамдар (аны Мусага каршы тукуруп): “Муса менен анын коомун, сени жана кудайларыңды таштап, жер бетинде бузукулук кылып жүргөн бойдон жөн коёсуңбу?” - дешти. (Фараон) Айтты: (Жок!) Тездик менен алардын (бардык эркек) балдарын өлтүрүп, аял-кыздарын тирүү калтырабыз! Биз аларды өз өкүмүбүзгө мажбурлап моюн сундурабыз!”

7:128 Муса коомуна (насаат айтып, мындай) деди: “Аллахтан жардам сурагыла жана сабыр кылгыла. Чынында жер Аллахка таандык. (Фараондуку эмес) Аны Өзү каалаган пенделерине мураска берет. Акыбет-натыйжа такыба адамдардын пайдасына болот.”

7:129 (Мусанын коому андан нааразы болуп) мындай дешти: “Сен бизге (пайгамбар болуп) келишиңден мурун алар бизге (уулдарыбызды союп, кыздарыбызды тирүү коюп) азап беришкен. Сен келгенден кийин деле (азап уланууда. Муса) айтты: “(Үмүт үзбөгүлө). Раббиңер душманыңарды жок кылып, силерди жерде орунбасар кылгысы бардыр! Ал силердин кандай амал кыларыңарды карап турат”.

7:130 Биз Фараон элин, акыл-эсине келээр деп (каатчылык) жылдары менен жана мөмө-жемиш жетишпестиги менен сынадык.